Кара-Балта шаарында мунай иштеткен "Жунда" заводунун өндүрүшү токтогону кыргыз өкмөтүнүн тогуз ай ичиндеги экономикалык көрсөткүчтөрүн талкуулаган жыйында айтылды.
Экономика министри Олег Панкратовдун билдиришинче, буга ишканага байланышкан соттук териштирүү жана казынага салык түшпөй жатканы себеп болгон.
- "Жунда" заводунун айланасында пайда болгон анча жакшы эмес жагдайды белгилеп өткүм келет, - деди ал. - Соттук териштирүүдөн жана салык түшпөгөнүнөн улам бүгүнкү күндө заводдун абалы оор. Ошондон улам өндүрүш токтотулду. Баштапкы маалыматтарга караганда, заводдон 200 млн. сомдой салык түшкөн эмес.
Буга чейин белгилүү болгон маалыматтарга караганда, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) “мамлекеттен 54 млн. сом салык жашырган” деген негизде 2015-жылдын 18-декабрында “Жунда” мунай иштетүү компаниясына кылмыш ишин козгогон.
Мындан тышкары, бензин сакталган кампадан 1000 тонна АИ-95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын жетишпегени аныкталган. Бул 26 млн. сомдун айланасын түзөт. Компаниянын кассасында каржылык тартип бузуу да табылган. Документтер боюнча кассада 2 миллион 600 миң доллар болушу керек болсо, ал жерде 600 миң сом акча болгон.
Жыйынтыгында “Жунда” мунай иштетүү компаниясынын төрагасынын орун басары Ю Шан Линди жана ишкананын башкы эсепчисин Финансы полициясы кармап, 2016-жылы 17-январь күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды эки айга камоо жөнүндө чечим чыгарган.
Ошондон улам өндүрүшү токтоп калган мунай компаниясы бир айдан кийин гана ишин уланткан. Буга депутаттардын кийгилигишүүсү менен камакка алынгандардын бөгөт чарасы өзгөртүлгөнү себеп болгон.
Жалпысынан "Жунда" мунай компаниясынын айланасында талаштуу маселелер ал ишин баштагандан бери эле чечилбей келатат. Бир ай мурда заводдун кесиптик кошуун уюму жетекчилик жумушчулардын эмгек укуктарын бузуп, шартын камсыз кылбай, зыяндуулук үчүн кошумча акы төлөбөй келатканын айтып чыккан.
Жумушчулардын бири Искендер Мамыркулов “жетекчилик тийиштүү акчаны төлөп бербей жатат” деп сотко кайрылганын өткөн жумада "Азаттыкка" билдирген:
- Иштегенибизге жараша акча албайбыз. Арыз жазып, ишти сотко чейин жеткиргенге аракет кылып жатабыз. Экотехинспекцияга, Санэпидемстанцияга кайрылганбыз. Ал жактан келип, текшерип, изилдеп чыгып, чын эле биздин зыяндуу шартта иштеп жатканыбызды аныкташкан. Бирок ал аныктаманы заводдун жетекчилиги аткарбай келди. Кийин ошол мамлекеттик органдардан дагы бир сыйра эскертүү келгенде гана тиешелүү буйрук чыгарып, жумушчуларга зыяндуу шартта иштегени үчүн кошумча төлөм бериле турганы айтылган. Бирок андан кийин деле өздөрүнүн ошол буйругун аткарышкан жок. Ушундан улам айрымдар өз ыктыяры менен иштен кетип жатышат.
Мындан мурда "экологияга зыян келтирип жатат" деген жергиликтүү тургундар "Жундага" нааразылыгын билдирип чыгышкан. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги шаардагы абаны жана топуракты текшерип, заводдун иши экологияга зыян тийгизбегенин жарыялаган.
Бирок жергиликтүү тургундардын бул ишканага нааразылыгы токтой элек. Ушундан улам эки ай мурда депутаттар “Жунда” заводунун ишин көрүп кетишкен.
Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев инвесторлорду кысымга алып жүдөтпөй иштеткенге аракет кылыш керек деген пикирде:
- "Жунда" заводу иштеш керек болчу. Мындай заводдорду, инвесторлорду колдош керек. Өз акчасын салган инвесторлорду биз жүдөтпөшүбүз керек. Мына азыр салыктын негизинде ишин токтотуп жатышат. Салык кызматы, укук коргоо органдары бул боюнча тастыктап бериши керек. Андан тышкары булардын өзүнүн чийки зат базалары жок. Аны Казакстандан, Орусиядан алганга аракет кылышат. Ошондон улам да кез-кезде ишин токтотуп жатышат.
Кара-Балта шаарындагы 800 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө эсептелген жоопкерчилиги чектелген "Жунда" ишканасын кытайлык “Чайна Петроль Жунда” компаниясы куруп, ал 2014-жылы пайдаланууга берилген. Заводду курууга 300 миллион доллар инвестиция жумшалганы кабарланган.