Коронавирустун жайылышы жана андан каза болгондор кайра көбөйүп жатканына карабай, Кыргызстанда илдетке кенебес мамиле байкалууда.
Коомдук жайларда беткап тагынуу жана башка санитардык эрежелерди сактоого дээрлик көңүл бурулбай калды. Оорудан этият болууга жана анын алдын алууга негизинен медицина кызматкерлери чакырып жатышат. Саламаттык сактоо министрлиги кайдыгерлик чектен чыгып баратканын четке какпайт.
Беткап таккандар аз
2020-жылы жүздөгөн киши набыт болгон каргашалуу июлдан бери жыл айлана элек. Өлкө вакцина алуу жагынан да башка мамлекеттерден кыйла артта. Бирок коомчулукта ооруга карата кенебес мамиле кылгандар көп экенин байкоого болот.
Баянды Бишкектин чок ортосундагы “Asia Mall” соода борборундагы “Фрунзе” супермаркетинен баштайбыз. Кире бериште атайын коргоочу кийимчен жигит дүкөнгө келгендердин колуна антисептик чачып турат. Айрымдарга беткап тагынууну эскертип атат. Бирок анын сөзүн баары эле этибарга ала бербейт. Дүкөндүн ичинде беткап кийбегендер көп.
Ушундай эле көрүнүшкө шаардагы башка соода борборлорунда, “Народный”, “Глобус” өңдүү супермаркеттерде да күбө болосуз. Банктарда жана башка тейлөөчү мекемелерде беткап тагынуу, аралыкты сактоо өңдүү талаптар жазылып коюлганы менен аны сактагандар өтө сейрек, көзөмөл да байкалбайт.
Автобус, троллейбуста да коронавируска каршы талаптар жазылган. Бирок ага баш ийгендер азыраак. Беткабы барлар деле көп учурда аны ээктен ылдый түшүрүп алышат.
Тагынбагандарга “Эмнеге беткабыңыз жок?” деп суроо узатып, төмөнкүдөй жоопторду алдык.
- Чөнтөгүмдө. Азыр эле чечип койгом.
-Мен өз иммунитетиме ишенем, ошондуктан беткап кийбеймин.
-Коронавирус менен ооруп айыктыңызбы? Ошондуктан мага жукпайт деп ойлойсузбу?
- Жок, жөн эле ишенем, иммунитетим күчтүү.
-Беткапчан дем алуу өтө кыйын. Тагынып жүрө албайм.
-Азыр коронавирус азайып калды, ошондуктан беткап такпайм.
Бирок коронавирус азайып калган жок. Күнүгө 200дөн 400гө чейин адамга жугуп, бейтаптардын арасынан күн сайын 5-7 киши кайтыш болууда. Оору бардык аймактарда бар, айрыкча Бишкек шаары менен Чүй облусунда катуу жайылууда.
10-майга карата соңку бир суткада коронавирустан беш адам каза болду, 254 киши ооруну жаңы жугузуп алды.
Ушуну менен пандемияда вирустан көз жумгандардын жалпы расмий саны 1660га жетти. Учурда 1683 бейтап стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 91 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.
Кенебегендерге кулак кагыш
Медиа эксперт Тамара Валиева дал ушул күндөрү, коронавирустун ыктымалдуу үчүнчү толкуну башталды деген учурда COVID-19га чалдыгып, ооруканадан айыгып чыкты.
"Менимче, бизде бийлик дагы, коомчулук дагы оорунун канчалык олуттуу экенин дагы эле аңдап биле элек. Бул оору дүйнөнү каптап, илимий күрөш жүрүп жаткан кезде Кыргызстандын жетекчилиги уу коргошундун тундурмасын ичүүнү демилге кылганы мени тынчсыздандырууда. Коронавирус өтө жаман оору. Мен муну башыма түшкөндө көрбөдүмбү. Бирок медицина кызматкерлеринин илдетке каршы күрөшүнө ыраазымын. Жугуштуу оорулар бейтапканасында дарыландым. Алардын ооруга каршы даярдыгы жакшы экен. Былтыр июль айында коронавирус апааты каптап, адамдар ооруканага жете албай, дары-дармек тартыштыгы жаралбадыбы. Азыр андай жок, бардык каражаттар бар экен. Медиктерге аябай ыраазымын", - деди Тамара Валиева.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ооруга эл арасында кайдыгер мамиле болуп жатканы Бишкектин "Тез жардам" кызматынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Егор Борисовду да кыжаалат кылат:
"Кырдаалды ушул абалда бош койсок, анда былтыркы июлдагыдай трагедия кайталанат. Ошол учурду бир эстебейлиби. Жапырт дүрбөлөңгө түшпөдүк беле. Адамдар оорукананын короосунда өлүп жатпады беле. Бул ойлоп табылган маалымат эмес, бул факт! Жасалма дем алдырчу медициналык жабдууларды издеп, кезекке туруп, кан суюлтуучу дары таппай калган күндөр болду. Кеңеш сураганга дарыгер издегенбиз. Ал учурда баарыбыз оорудан коркуп жаттык. Ошол эле адамдар, ошол эле коом. Бирок бир жыл айланбай эле баарын унутту. Мындайча айтканда, баарыбыз көңүл ачып эле жүрөбүз".
Саламаттык сактоо министрлигинин Ден-соолукту чыңдоо борборунун директору Нурила Алтымышева кайдыгерлик күчөп кеткенин четке какпайт:
"Биз – медицина кызматкерлери талап койгонбуз. Бул – беткап тагынуу, аралыкты сактоо жана колду тазалап жууп туруу. Дүйнө жүзүндө бардык мамлекеттерде ушул эле талаптар коюлган жана жарандар ага баш ийип жатышат. Чет элде эреже сактабагандарга айыппул салышат. Алар талапты аткарып атышпайбы. Биздин эл деле айтканга көнүшү керек".
Алтымышева беткап режимин сактоодо жергиликтүү бийлик катаал талаптарды коюп, аны аткарылышын көзөмөлгө алышы керектигин белгиледи. Ошентсе да көзөмөлдү күчөтүү, оорунун алдын алуу жаатында жаңы эрежелер же талаптар тууралуу азырынча кадамдар байкалбайт.
Өкмөткө сын
Мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова эл көп чогулган той-топурларда, жамандык-жакшылыкта коронавирус жөнүндө дээрлик эч ким ойлонбой жатканына кабатыр болгондордун бири. Ал вакцина жөнүндө элге маалымат жетпей жатат деп ойлойт:
"Бизде коомдук иммунитет пайда болду деп ойлогондор бар чыгар. Бирок бул - ката. Күнүгө 300-400 адамдан оору чыгып атпайбы. Алар анализ тапшырып аныкталганы. Ал эми дарыгерге көрүнбөгөндөр канча? Дагы бир маанилүү жагдай – вакцина маселеси. Бул жаатта өкмөт элге жеткиликтүү маалымат берген жок. Эл арасында эмдөөгө ишенбегендер көп. Адистер вакцина эмне үчүн маанилүү экенин утуру-утуру айтып, коомдун калың катмарына жеткириши керек. Телерадио же сайттар аркылуу гана эмес, социалдык желеде маалыматтык өнөктүктү күчтөнтүү зарыл болуп турат. Кыргызстанга келген Кытайдын “SinoPharm” препаратынан чоочулагандар болуп атпайбы. Кечээ жакында бул вакцинаны Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму расмий каттоого алды. Вакциналар тууралуу элге күнүмдүк маалыматтарды берүү – Саламаттык сактоо министрлигинин, өкмөттүн түздөн-түз милдети. Тилекке каршы, иш солгун. Дарыгерлерибиздин коронавируска каршы күрөшүү тажрыйбасы да өстү. Бул жагы жакшы. Бишкекте ооруканалардагы бош орундар тууралуу маалыматтар берилип жатканын да жакшы иш катары белгилеп кетпесек болбойт".
Дагы караңыз Коронавирустун жаңы штаммдары абалды оорлотту
Кыргызстандыктарга Кытайдын “SinoPharm” жана Орусиянын “Спутник V” вакциналары сайылууда. Эмдөө 29-марттан бери өлкө аймагында поликлиникаларда жүрүп жатат. 10-майга карата 42 миңдей киши вакцина алды.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, вакцина бир адамга эки баскычта сайылгандыктан, Кытайдын препараты 75 миң адамга, орусиялык препарат 10 миң адамга жетет. Кошумча вакцина алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Өкмөт эл аралык COVAX прогроммасынын алкагында британ-швециялык "AstraZeneca" вакцинасы да келерин билдирген.
Кыргызстанда пандемия шартында үч жолу шайлоо өтүп, партиялар жана талапкерлер элди жапырт чогулткан үгүт иштери менен коштолду. Коомдук автоунааларда, базарларда жана эл көп чогулган башка иш-чараларда оорунун жайылышын алдын алган эрежелер сакталбай келүүдө.
Дагы караңыз «Уу коргошун бир дагы вирусту өлтүрө албайт»Өлкөдө коронавируска кабылгандар алгач 2020-жылдын мартында белгилүү болгон. Андан бери бул оору жуккандардын расмий саны 99 миңге жакындап калды, алардын 92 миңдейи сакайды.
Иш жүзүндө вирус жугузгандар, дарыгерлерге кайрылбай үйдө ооруп жаткандар мындан бир топ көп болушу мүмкүн.
Бишкекте мектептер, бала бакчалар жарым-жартылай жабык. Аймактарда балдар окуу жылынын жарымынан балдар мектепке жана бала бакчага бара башташты.