Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:16

Индияда вакцина таңкыстыгы жаралды


Индия.
Индия.

Коронавирус жуккандар боюнча кайрадан эң жогорку көрсөткүч катталган Индияда вакцина жетишсиз болуп жатат. «Таймс оф Индия» басылмасы өлкөдөгү 28 штаттын жана сегиз союздук аймактын арасынан сегиз гана штатта элди эмдөө мүмкүнчүлүгү бар экенин жазды.

Делинин бийлиги элди 1-май күнү эмдөө борборлоруна барбай кое турууга чакырып, вакцина келе электигин кабарлады.

Индиянын финансылык борбору аталган Мумбаинин бийлиги эмдөө борборлорун үч күнгө жабууга мажбур болгону айтылды.

Бүгүнкү күнгө карата эмдөөдөн Индиянын 1,3 миллиард калкынын тогуз проценти өттү.

Мындай абал Индия дүйнөдө вакцина өндүрүүчү негизги өлкөлөрдүн бири болгонуна карабастан түзүлүүдө.

Соңку бир күндө өлкөдө коронавирустан 212 миң адам каза болду, оору жуккан 402 миң адам жаңы катталды. Жалпысынан бул оору Индиянын 19 миллион тургунуна жукту, алардын 212 миңи көз жумду. (RK)

XS
SM
MD
LG