Англия коронавируска байланыштуу чектөөлөрдү жеңилдетет

Лондон шаары, 14-май, 2020-жыл.

Британ өкмөтү Англиядагы коронавирусту ооздуктоо үчүн киргизилген чектөөлөрдү жеңилдеткени жатат. Премьер-министр Борис Жонсон кайсы чектөөлөр алына турганын 10-майда жарыялаганы турат. Алдын ала маалыматтарга ылайык, Англиянын аймагында 17-майдан тартып ачык асман алдындагы иш-чараларга жана үй ичинде конок тосууга уруксат берилиши мүмкүн.

"Биздин ийгиликтүү вакцина программабыз уланууда. Улуу Британияда чоңдордун үчтөн экиси вакцинанын биринчи дозасын алышты", - деп айтылат британ өкмөтүнүн билдирүүсүндө.

Бириккен королдуктун курамындагы Шотландия, Уэльс жана Түндүк Ирландия карантин чараларын жумшартуу маселесинде өз алдынча, аймактагы кырдаалга жараша чечим кабыл алмакчы.

Европанын башка аймактарында да коронавируска чалдыккандар азайганына байланыштуу айрым чектөөлөр алына баштады.

9-майда Испанияда алты айлык өзгөчө кырдаал режими алынды. Ага ылайык, түнкү коменданттык саат токтотулуп, региондор аралык каттамдар ачылды.

Германияда 7 миллиондой адам COVID-19га каршы толук эмдөөдөн өттү. Кошмо Штаттарда чоңдордун 56 пайызы вакцинанын кеминде бир дозасын алышты.

Дагы караңыз

Молдокматовдун адвокаты райондук соттун токтомуна каршы арызданатОшто кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык топтордун жыйыны өттүБаткен: Барымтада кыйноого кабылгандар боюнча документ даярдалуудаОоганстандагы жардыруудан 11 жаран мерт болду“Баткенге жардам” эсебине элден 66 миллион сом топтолдуБашкы прокуратура "тергөө менен кызматташууну" жоюуну сунуш кылды