Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:53

Ооганстандагы жардыруудан 11 жаран мерт болду


Забул провинциясындагы чабуулда жараат алгандар. 10-май, 2021-жыл.
Забул провинциясындагы чабуулда жараат алгандар. 10-май, 2021-жыл.

Ооганстандын Забул провинциясында жүргүнчүлөрдү ташып бара жаткан автобус жол четине коюлган бомба жардыруусуна кабылып, андан кеминде 11 адам мерт болду. Ооганстандын Ички иштер министрлиги дагы 28 киши жаракат алганын 10-майда маалымдады.

Окуя дүйшөмбүгө караган түнү автобус Кабулдан Кандагарга бара жатканда болгон. Чабуулдан жабыркагандардын арасында балдар менен аялдар да бар.

Ал үчүн жоопкерчиликти эч бир тарап мойнуна ала элек. Бирок Ооганстандын Ички иштер министрлиги бомбаны жол четине "Талибан" кыймылы орнотконун билдирди.

Окуя талибдер Орозо айтка байланыштуу ок атышууну үч күнгө токтотконун жарыялагандан кийин болду.

АКШ Ооганстандагы күчтөрүн 11-сентябрга чейин чыгарып кетерин жарыялагандан бери ооган жергесинде чабуулдар жана өкмөттүк күчтөр менен талибдердин кагылышуулары күчөдү.

XS
SM
MD
LG