Чек ара жаңжалында жабыркагандардын абалы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал маалында Кыргызстан тараптан жабыркагандардын арасынан 100гө чукул адам Баткен облусунун жана Бишкек шаарынын ооруканаларында жатат. Алардын бири - минометтун огунан каза болгон 13 жаштагы Мадинанын апасы Нарбү Хамдамова басууга жарап калды. Ал эми көзүнө минометтун сыныктары тийген Чыңгыз Каработоевге чет өлкөдөн операция жасоо талап кылынууда.