Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы үч бейтап жумду. Алар Чүй, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында.
Илдетке каршы республикалык штаб кабарлагандай, 7-майга карата 385 адамдан оору жаңы аныкталды. Мурда ооругандардан 348 киши айыкты.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор расмий эсепте 1643кө жетти.
Кыргызстанда Кытайдын "SinoPharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Расмий эсепте 40 миңдей киши вакцина алды.
Кытай препараты 75 миң адамга, орус препараты 10 миң адамга жетет. Кошумча вакцина алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Өкмөт эл аралык COVAX прогроммасынын алкагында британ-швециялык "Astra Zeneca" вакцинасы да келерин билдирген.
Илдетти жугузуп алгандардын жалпы расмий саны 97 663, айыккандар 90 959 кишини түздү.
Дагы караңыз
Орусия аткезчиликти азайтууга жаңы жабдууларды беретFIDH эл аралык коомчулукту чек арадагы кооганы иликтөөгө чакырдыВорух маселеси: тараптар жол боюнча мунасага келдиМолдокматов октябрь окуяларына байланыштуу камалды Өзбекстан: шайлоо алдында блогерлерге кысым күчөдүБишкек жана Оштогу шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу сунушталды