Кошмо Штаттарындагы кыргыз диаспорасы 3-майда Бириккен Улуттар Уюмунун Нью Йорк шаарындагы башкы кеңсесинин алдына акциясына чыгышты.
Алар 28-29-30-апрель күндөрү Баткендеги чек арада болгон куралдуу кагылышта тажик тараптан карапайым калкка ок атылганын айыпташты.
Акцияга чыккандар чек арада өмүрү кыйылган жеткинчек кыз Мадинанын жана чырдын айынан ооруканага жетпей каза болгон беш жаштагы баланын сүрөтүн кармап турушту.
Уюштуруучулардын айтымында, кыргыз диаспорасы Баткенде жапа чеккен тургундарга жардам катары 86 миң доллар чогултушкан.
2-майда Германиянын Берлин, Гамбург, Франкфурт жана Мюнхен шаарларында жашаган кыргызстандыктар Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн алдына акцияга чыгышкан.
Алар кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышка эл аралык коомчулукту калыс баа берүүгө үндөшкөн. (MiK)
Дагы караңыз
Башкы прокуратура: Тажикстан келишимдерди бузуп, Кыргызстандын аймагын басып алуу аракетин көргөнЧек ара жаңжалында талкаланган турак жайларды оңдоого 700 млн. сом бөлүндүӨтмөк ашуусунда сел жүрүп, кошумча күч тартылды Евробиримдик: Орус элчиси жолугушууга чакыртылдыОзонниа Ожиело: БУУ Баткенди калыбына келтирүүгө жардам беретЖурналисттердин укугун коргогон адвокат Зикрацкий Беларустан чыгып кетти