Тажикстандын аскерлери эки өлкө ортосундагы 2004–жылдын 26-майында түзүлгөн жакшы коңшулук жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндөгү келишимди, тынчтыкта жашоо принциптерин, достук жана кошуналык мамилелерди бузуп, Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында чек араны бузуп кирген. Мындай маалыматты Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 3-майда таратты.
Ага ылайык, тажик тарап Кыргызстандын эгемендигине жана бүтүндүгүнө кол салып, тынч жашаган элди, чек араны коргогон аскерлерди, коопсуздукту камсыз кылган укук коргоо органдарынын кызматкерлерин массалык түрдө өлтүрүп, автоматтардан, миномёттордон, бронетехникадан, аскердик тик учактардан жана башка аскердик куралдардан ок чыгарышканы айтылат.
Ошондой эле башкы көзөмөл органынын маалыматында тажик аскерлери миномёт жана аскердик тик учактарды колдонуу менен “Булак-Башы”, “Капчыгай”, “Достук”, “Миң-Булак” чек ара тозотторуна, “Кожожар”, «Кызыл-Бел» чек ара постторуна жана Баткен, Лейлек райондорунун калктуу пункттарына кол салып, Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын жана аймактарын басып алышканы жазылган.
“Натыйжада жай тургундардын өмүрү кыйылып, ондогон жарандар жараат алып, жарандык жана аскер объектилери талкаланып, зыянга учурады. Тажик аскерлеринин аракеттеринде алдын ала пландаштыруу, агрессивдүү түрдөгү куралданууга даярдык, эл аралык келишимдер менен бүтүмдөрдү бузуу менен агрессиялык согушту жүргүзүү байкалат” деп жазылган маалыматта.
Бул фактыны Башкы прокуратура Жазык кодексинин 380-беренеси (тынчтыкка каршы кылмыштар) менен каттады.
Сотко чейинки өндүрүш иши УКМКнын, ИИМдин жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлеринен турган мекеме аралык тергөө тобуна тапшырылды.
Ал эми Тажикстандын Башкы прокуратурасы 3-майда Кыргызстандын айрым аскер адамдарына жана жарандарына каршы кылмыш ишин ачты. Тажикстан кыргызстандыктарды башка мамлекетке каршы куралдуу күч колдонгон деп айыптап, кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны "агрессия" деп мүнөздөдү.
28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жүзгө жакын имарат талкаланып, өрттөлдү.
Набыт болгон кыргызстандыктардын саны 36га жетип, 183 киши жараат алды. Үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 58 миңге чамалады.
Тажикстандын өкмөтү жабыркагандар жана курмандыктар тууралуу расмий маалымат бере элек. "Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып 16 киши каза болуп, 90у жараат алганын билдирген. Жаңжалда жабыр тарткан айылдарга барган журналисттер Кожалы (Хожа Аъло) айылында бузулган, өрттөлгөн үйлөрдүн сүрөттөрүн жарыялашты. (MiK)
Дагы караңыз
Чек ара жаңжалында талкаланган турак жайларды оңдоого 700 млн. сом бөлүндүӨтмөк ашуусунда сел жүрүп, кошумча күч тартылды Евробиримдик: Орус элчиси жолугушууга чакыртылдыОзонниа Ожиело: БУУ Баткенди калыбына келтирүүгө жардам беретЖурналисттердин укугун коргогон адвокат Зикрацкий Беларустан чыгып кетти