Чек арадагы тиреште 100дөй турак жай өрттөлгөн

Чек ара чырында өрттөлгөн үй. 01.05.2021

Чек арадагы тиреште Баткен облусунда 78 турак-үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкаланып, өрттөлгөн. Бул тууралуу өзгөчө кырдаал министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

Маалыматка ылайык, Миң-Булак, Достук жана Максат чек ара тозоттору талкаланган. Сада, Раззаков, Арка, Максат, Достук жана Борбордук айылдарындагы үйлөр, имараттар өрттөлүп, дүкөндөр тонолгон.

Дагы караңыз Жаңжалда жабыркаган Максат

Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда 34 адам каза тапты. Жараат алгандардын саны 178 кишиге жетти.

Ал эми тажик тараптан 15 киши каза болуп, 90 жараны жараат алганын "Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып жазды. Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек.

Кыргызстанда 1-2-май чек арада каза тапкандарга аза күтүү күнү деп жарыяланган. (MiK)

Дагы караңыз

УКМК Тажикстан кыргыз айылдарын авиаракета менен атканын билдирдиКоронавирустан бир күндө жети бейтап каза болдуЧек ара: 33 миңден ашуун киши коопсуз жайга көчүрүлдүCOVID-19: ДССУ бешинчи вакцинаны жактырдыЧек ара чырында жараат алган бир адамдын абалы өтө оор экени айтылдыКыргыз-тажик чек арасы боюнча төрт пункттан турган протокол түзүлдү