COVID-19: ДССУ бешинчи вакцинаны жактырды

Pfizer-BioNTech жана Moderna компанияларынын вакциналары.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) америкалык Moderna компаниясынын вакцинасын коронавирусту дарылоодо сунуш кылынган препараттарын тизмесине киргизди.

Бул жалпысынан уюм сунуш кылган бешинчи, ал эми америкалык компаниялардын үчүнчү вакцинасы.

Тизмеде АКШнын Pfizer/BioNTech жана Jannsen (Johnson & Johnson компаниясынын бөлүмү), британ-швециялык AstraZeneca жана анын Индияда иштеп чыгарылган варианты бар.

БУУ Кытай жана Орусиянын бир дагы вакцинасын сунуштай элек.

Коронавирус пандемиясы 2019-жылы ноябрда Кытайда башталган. Балтимордогу Жон Хопкинс университетинин эсебинде, 1-майга карата дүйнөдө оору жугузуп алгандардын жалпы саны 151 миллион 500 миңди түздү. 3 миллион 182 миң каза болду.

Эсеп мамлекеттердин расмий бийликтеринин маалыматтарына таянып чыгарылууда. Айрым өлкөлөрдө вирус жугузуп алган жана андан каза болгондордун чыныгы эсеби жаап-жашырылышы мүмкүн.

Дагы караңыз

Коронавирустан бир күндө жети бейтап каза болду"Жай тургундарды бутага алган болбойт" Чек ара чырында жараат алган бир адамдын абалы өтө оор экени айтылдыЧек ара: Эки тарап ок атышууну токтотууну макулдаштыКыргыз-тажик чек арасы боюнча төрт пункттан турган протокол түзүлдү