Баткен: Төрт-Көчө кайра жабылып, Аркада ок атылганы кабарланды

Кыргыз-тажик чек арасы. 2021-жылдын 29-апрели.

Баткен районунун Төрт-Көчө участогу кайра жабылганы кабарланууда. Бул тууралуу 1-майда саат 11 чамасында “Азаттык” радиосунун кабарчыларына Көк-Таш айылынын тургундары билдиришти. Алардын айтымында, тажик тарап жолго шагыл төктү.

Лейлектин Арка деп аталган жеринде ок атылганы тууралуу да айтылып жатат.

Тажик тарап расмий маалымат бере элек.

Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жайгашкан Төрт-Көчө участогунан Баткен-Исфана автожолу өтөт.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы 1-майда саат 9.00гө карата Баткен облусунун аймагында абал туруктуу экенин билдирген.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында тутанган окуянын кесепетинен Кыргызстандан 31 адам каза болду, 154 адам жараат алды.

Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттер 90 адам жараат алганын, 12 киши каза болгонун маалымдашты. (AiB)

Дагы караңыз

Окко учкан окуучу кыздын энеси менен сиңдисине операция жасалды УКМК Баткенде абал туруктуу экенин билдирдиОкко учкан чек арачы Нурсултан Манасбек уулунун сөөгү Аксыга коюлат Кыргызстанда 1-2-май улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды