"Азаттык": Төрөкул, чек ара жаңжалында Лейлектеги Тажикстан менен чектешкен айылдар көбүрөк жабыркаганы кабарланып жатат. Ушул тапта кырдаал кандай?
Дагы караңыз Аркадий Дубнов: чек арадагы чыр кокустук эмес
Төрөкул Дооров: Жалпысынан кырдаал турукташып калды деп айтуу кыйын. Анткени кечээ түндөн бери райондун борборундагы аянтта көптөгөн адамдар чогулуп турушат. Алар дагы деле болсо Тажикстанга жакын жайгашкан аймактардан өмүрүнүн коопсуздугу үчүн качып келген элди тосуп алып, үйлөргө, мектепке жана башка жерлерге жайгаштыруу менен алектенип жатышат.
"Лейлек жаштары" деп аталган коомдун мүчөлөрү элден чогулган акчага нан, суу, тамак-аш алып, качып келгендерге таратып жүрүшөт. Элдин үрөйү дагы деле учуп турат. Лейлек түнү менен уктаган жок десем да болот. Бул жакта эвакуация болуп келген адамдарды кабыл албаган үй калган жок сыяктуу.
Дагы караңыз
Ташиев тажик тарап менен сүйлөшүү өткөрдү"Азаттык": Качкындар негизинен үйлөрдө турбайбы? Аларга гуманитардык жардамдар жетип жатабы?
Төрөкул Дооров: Качкындардын көпчүлүгү үйлөрдө жайгаштырылды. Аларды Исфана шаарынын, Тогуз-Булак, Кара-Жыгач жана башка айылдардын тургундары бөлүп алып кетип жатышат. Көп адам эвакуацияланып келди. Арасында кары-картаңы, ыйлаган жаш балдары бар экен. Айрымдары кан басымы көтөрүлүп, түз эле ооруканага жеткирилген.
Жергиликтүү эл качып келген адамдар менен нан-чайын бөлүшүп, төшөктөрүн салып берип, үйлөрүнө киргизип алышты. Мындан тышкары, учурда №1 гимназияга, дагы бир мектепке, кафеге адамдар жайгаштырылды. Аларга балдар тамак-ашын ташып жатышат. Мен өзүм гимназияга барып келдим, ал жакта жүздөй адам жайгашыптыр. Гимназияда балдар жатып окушканы үчүн төшөнчү-орундар бар экен. Тамак-ашын ташып жатышат.
Дагы караңыз
Суваналиев: Тажик аскерлери кыргыз айылдарын басып алды деп айтуудан алыспыз"Азаттык": Исфанада, башка айылдарда абал кандай? Ал жакта дүрбөлөңгө түшкөндөр жокпу?
Төрөкул Дооров: Дүрбөлөң деле жок. Негизинен кечээ түндө абал кыйла оор эле. Эл чочулап, "Вотсаптан" тараган видеолорду көрүп алып, жаштар бийликтен курал талап кылышкан. Бүгүн бир аз басаңдагандай көрүнүп турганы менен, баары бир элде "эми эмне болот?" деген чочулоо бар.
Чогулган адамдардын баары эле ошону талкуулап атышат. Негизинен эле бийликке нааразылык бар, "эмне үчүн эмгиче жакшы реакция жок, эмне себептен бүгүнкү күнгө чейин нормалдуу гуманитардык жардам жок?" деген талаптар коюлуп жатат.