Ташиев тажик тарап менен сүйлөшүү өткөрдү

Камчыбек Ташиев. Архивдик сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн 30-апрелде Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов менен жолугуп, чек арадагы абалды талкуулады. Жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу ал журналисттерге төмөнкүлөрдү билдирди:

“Жолугушуу жакшы болду. Нейтралдуу жерде жолуктук. Баары жакшы болот. Чечебиз. Бүгүн кечке чейин абалды толук турукташтырып бүтөбүз”.

Тажик тарап менен жолугушуу алдында Ташиев Баткен шаарында топтолгон элдин алдында сүйлөп жатып “Болор иш болду. Бизге тынчтык керек. Чек ара боюнча эки жыл мурдагы нөлдүк позицияга келишибиз керек. Биз алардын бир метр жерин алалы деген оюбуз жок, өзүбүздүн бир да метр жерибизди эч кимге бербейбиз. Азыр күч, мүмкүнчүлүк баары бар”.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болду, үйлөр жана имараттар өрттөлдү, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 30-апрелдин эртең мененки саат 8деги маалыматына караганда, кыргыз тараптан 134 адам жараат алды, алардын 13ү каза болду.

Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө. (JsA)

Дагы караңыз

Оштон Баткенге беш миллион сомдук гуманитардык жардам жөнөтүлдүСуваналиев: Тажик аскерлери кыргыз айылдарын басып алды деп айтуудан алыспызЧек ара чырында мерт болгондордун тизмеси жарыяландыСуваналиев: Атышпоо келишими бир жолу бузулду