“Кызыл жарым ай” баткендиктерге психологиялык жардам көрсөтүп жатат

"Кызыл жарым ай" коомунун ыктыярчылары. 30.04.2021

“Кызыл жарым ай” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү чек арадагы жаңжалдан улам эвакуацияланган адамдарга психологиялык жардам көрсөтө баштады. Ошондой эле уюм Лейлек районундагы Рават айылына коопсуз жайга көчүрүлгөн жарандарга 100 гигиеналык кийим-кече жана 500 жылуу жууркан жөнөттү.

Мындан тышкары уюмдун Ош жана Жалал-Абаддагы кызматкерлери жергиликтүү элге жардам берүү максатында Баткенге жөнөп кетишти.

Лейлек районунун чек аралаш аймактарынан 13,5 миң адам коопсуз жайга чыгарылды. Баткен районунан 7 миң адам Баткен шаарына көчүрүлдү.

Айрым айылдар өрттөлдү, май куюучу жайлар, дүкөндөр тонолуп, талкаланды, кеминде беш чек ара тозоту жабыркады.

Соңку маалыматка караганда, кыргыз тараптан 134 адам жараат алды, алардын 13ү каза болду. Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө. (MiK)

Дагы караңыз

Ташиев Баткенде жабык жыйын өткөрүүдөБаткен милициясы: Тажик тарап Лейлектин Интернационал айылынын башчысын барымтага алды СOVID-19: алты бейтап каза болду, оору дагы 331 адамга жуктуТравматология жана ортопедия борборуна түшкөн 14 бейтаптын абалы ортоАртем Новиков: аскерлерди ордуна кайтаруу аракети жүрүп жататБаткенден 7 миң, Лейлектен 13,5 миң жай тургун эвакуацияланды