Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жайгашкан айылдардан эвакуация болгон жай тургундардын саны 20 миңден ашты. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтин маалыматына таянып 30-апрелде эртең мененки саат 10:30да “Азаттык” радиосунун Баткендеги кабарчысы билдирди.
Лейлек районунун чек аралаш аймактарынан 13,5 миң адам коопсуз жайга чыгарылды. Баткен районунан 7 миң адам Баткен шаарына көчүрүлдү.
Кабарчылардын соңку маалыматына караганда, кооптуу абал түзүлгөн айылдардан эвакуацияланган кары-картаңдар, аялдар жана балдар үчүн Баткен шаарындагы алты мектепте убактылуу жай ачылып иштеп жатат.
Мындан тышкары, тургундар жакындарынын жана туугандарынын үйлөрүнө кетип жатышат.
Аларды кээ бир жеке мейманканалар да кабыл алууда.
Өзүн Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын тургуну деп тааныштырган келин үч наристе баласы менен жолго чыкканын, айылда күйөөсү калганын, ок атылып жатканын угуп, үйүнөн чыгып кетип баратканын айтып берди.
28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-апрелде да уланган. Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү. Соңку маалыматка караганда, кыргыз тараптан 134 адам жараат алды, алардын 13ү каза болду. Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө.
Облустук милиция ок атышуу токтогонун айтты, бейрасмий маалыматка караганда, айрым жерлерде ок атылып жатканы угулууда.
Баткен жана Лейлек райондорунда кеминде 11 айыл, 5 тозот жабыркады, бир айыл жана май куюучу 27 бекет толук өрттөлдү. (JsA)
Дагы караңыз
Баткен: Бери дегенде 11 айыл, 5 тозот жабыркады, бир айыл толук өрттөлдүСадыр Жапаров: чек арада чыңалууну күчөтпөө чаралары көрүлүп жататБаткен: Ок атышуу боюнча эки башка маалымат айтылуудаТаластан Баткенге дарыгерлер тобу жөнөп кетти