Чек арадагы чатак: коңшулар эмне дейт?

Баткен

29-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы абал кескин курчуп, ок атуу, адам өлүмү менен коштолду. Чөлкөмдөгү коопсуздукка коркунуч жараткан бул окуяга карата эл аралык реакция, билдирүүлөргө кандай болууда?

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку абалга алгачкылардан болуп эки өлкөнүн тең коңшусу Өзбекстан көңүл бурду. Бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги расмий билдирүү таратып, жабыр тарткандар көбөйүп бара жаткандыктан, коңшуларды ынтымакка чакырды.

"Тараптарды кагылышууну дароо токтотууга үндөйбүз. Абалдын чыңалуусун азайтуу үчүн тараптар бирдей иш алып барып, бир пикирге келиши керек. Бүгүн талашка түшкөн бардык маселелер Борбор Азиядагы элдин ичинде салт болуп калган, кылымдар бою бузулбай келген ынтымактын, коңшулуктун жана өнөктөштүктүн алкагында чечилүүгө тийиш. Өзбекстан абалды тез арада жөнгө салуу үчүн жардам берүүгө даяр",-деп айтылат расмий Ташкент тараткан билдирүүдө.

Дагы караңыз "Тажикстандын "Головной" тууралуу сунушуна макул эмеспиз"

Казакстандын бийлиги болсо 30-апрелге караган түнү үн катты. Казак президенти Касым-Жомарт Токаев чек арадагы тирешүүгө тынчсыздануусун билдирди. "Кыргыз жана тажик элдери биз үчүн боордош, бизди тарыхыбыз, маданий баалуулуктар бириктирип турат. Биздин өлкөлөр жана элдерге тынчтык, сабырдуулук жана өз ара сый мамиле мүнөздүү. Куралдуу конфликтти токтотуу жана эки тараптын ыйгарым өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн башталышы боюнча келишимдин жетишилгенин кубаттайм,”- деди Токаев.

Аймактагы ири оюнчулардын бири болгон Орусия азырынча унчукпай турат. Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова 29-апрелдеги брифингде "Бул окуя азыр өнүгүп жаткандыктан биз ага көз салып турабыз. Эксперттер менен кеңешип эгер керек болсо биз комментарий беребиз",- деп айтуу менен чектелди.

Дагы караңыз Токон Мамытов вице-премьер кызматын калыбына келтирүүнү сунуштады

Кыргыз-тажик чек арасындагы абалга байланыштуу Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму (ЖККУ) эч кандай реакция кыла элек. Аскердик жааттагы аймактык бул уюмга Кыргызстан дагы, Тажикстан дагы мүчө.

Белгилей кетчү жагдай, ушул күндөрү Тажикстанда ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн алгач коргоо министрлеринин, кийин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйыны өтүп жаткан.

Ушул жагдайга көңүл бурган Борбор Азия боюнча орусиялык эксперт Аркадий Дубнов бул кырдаалды жөнгө салууда ЖККУнун аракетсиздигин сынга алды:

Аркадий Дубнов

“Сырткы өнөктөштөрдүн чоң басымы болууга тийиш. Тилекке каршы, мен бул маселени жөнгө салууда Орусиянын чечкиндүү мамилесин жана аракетин көргөн жокмун. Ташкент бул окуяга карата тынчсыздануусун билдирди. Ал эми Москвада Мария Захарованын оозу менен “ кырдаалды байкап турабыз” деген гана билдирүү жасалды. Эртерек байкаш керек болчу. Азыр токтоосуз түрдө согуштук аракеттерди токтотуу боюнча катуу чара көрүү керек. Азыр эмнегедир ага шашылбай эле”.

Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бул жагдай эки өлкөнүн ички иши экенин билдирди. Ошентсе да, министр чатакты жөнгө салууда өнөктөш өлкөлөрдүн ролу чоң экенин белгиледи:

Бул - эки кошуна мамлекеттин иши. Азыр башка тараптар, биздин өнөктөштөрүбүз да абалга кылдаттык менен карап турганы боюнча маалыматтарды берип жатат. Мисалы, Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги тынчтыкка чакырып, кайрылуусун жасады. Башка өлкөлөрдө да маалыматтар чыгып жатат. Мындай учурда айрым маалыматтар чындык болсо, кээ бир учурда жалган болуп жатат. Биздин өнөктөштөр жагдайга көз салып турат деп ишенем”.

Бейшембинин кечине карата ушундай эле реакция, билдирүүлөр болду. Жума күнү эл аралык коомчулук өз пикирин көбүрөөк билдире башташы мүмкүн.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Дубнов: Чек арадагы чыр кыргыз тараптын кызыкчылыгында эмес

30-апрелдин эртең мененки саат 7:50сүнө карата расмий маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан каза болгон кыргызстандыктар 13кө жетти. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Мекеменин билдиришинче, жараат алгандардын жалпы саны 134 адам. Алардын 25ин атайын учак менен Баткенден Бишкекке алып келип, үч ооруканага жаткырышты. Эки бейтаптын абалын дарыгерлер оор деп баалап жатышат, калгандары орточо жана канааттандырарлык абалда.

Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймакта 28-апрелде чек ара чыры чыгып, 29-апрелде абал курчуган.

Тажик тараптан онго жакын адам жараат алганы 29-апрелде кабарланган.