Чек арадагы айылдардан 800дөн ашык адам көчүрүлдү

Баткен облусу.

28-29-апрелде кыргыз-тажик чек арасында болгон эки тараптуу кагылышууда 31 кыргызстандык жаракат алып, бир адам каза болду. Жараат алгандарга медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Коопсуз аймакка көчүрүлгөндөрдүн жалпы саны 848ди түздү. Анын 498и Баткен шаарына, 350сү Лейлек районуна көчүрүлдү.

Бул тууралуу Баткен облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

“Жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары аларды тамак- аш жана керектүү нерселер менен камсыздап жатат. Чек арада абал оор бойдон калууда. Атышуу токтой элек”.

28-29-апрелде Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында, Баткендин Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде жаңжал болду.

Тажикстандын "Ховар" улуттук маалымат агенттиги 29-апрелде чек арадагы чатактан эки тажик жараны жараат алганын билдирди. 28-апрелде жети киши жабыркаганы кабарланган. (JsA/BCh)

Дагы караңыз

Казакбаев: Чек арадагы абал боюнча Тажикстандын тышкы иштер министри менен сүйлөшүү жүрүп жататЧек ара кызматы беш өткөрмө тозоту аткылоого кабылганын билдирдиМинистрлик: Чек арадагы чырда 31 адам жарадар болдуЧек ара: Өзбекстан коңшуларды ынтымакка чакырды