Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:07

Казакбаев: Чек арадагы абал боюнча Тажикстандын тышкы иштер министри менен сүйлөшүү жүрүп жатат


Кыргызстандын жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери. Архивдик сүрөт
Кыргызстандын жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери. Архивдик сүрөт

Кыргызстандын жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери менен кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди. Анын айтымында, сүйлөшүү Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддиндин деңгээлинде өтүүдө:

“Азыр абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүү болуп жатат. Жыйынтыктары боюнча кошумча маалымат берилет”.

Бүгүн Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курчуп кетти. Түштөн кийин Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде ок атылды. Бул үчүн эки тарап бири-бирин айыптап жатат. Куралдуу кагылышта кыргыз тараптан 31 адам жаракат алып, бир адам каза болду. Ал эми Тажикстан расмий түрдө тогуз адамдын жаракат алганын кабарлоодо.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап «Капчыгай», «Мин-Булак», «Достук» чек ара тозоттору жана «Кожогар» жана «Булак-Башы» чек ара бекеттерине ок атканын кабарлады. Анын жыйынтыгында «Достук» чек ара тозотунун имараты өрттөнгөнүн билдирди. Буга жооп иретинде кыргыз тарап Тажикстандын “Кожо Алло” чек ара тозотун ээлеп алганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG