Баткен бийлиги чек арада абал тынч, кырдаал толук көзөмөлдө экенин айтты

Көк-Таш айылы. 2021-жылдын 29-апрели.

Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал тынч, кырдаал толук көзөмөлдө. Бул тууралуу 29-апрелде эртең мененки саат 10до өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, элдин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык чаралар көрүлгөн. Жаңжал чыккан аймактагы Көк-Таш айылынын кары-картаң тургундары, аялдар жана балдар Баткен шаарына жеткирилип, коопсуз жерге жайгаштырылды.

Тулаев 29-апрелде эртең менен ок атылганын ырастап, Кыргызстандын бир жаранына чачма ок тийгенин, анын саламаттыгына коркунуч жок, абалы туруктуу экенин, эки өлкөнүн күч кызматкерлеринин ортосунда сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты.

Облус башчысынын биринчи орун басары чек арадагы “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайы мурдагыдай эле тартиптеги кайтарууда экенин кошумчалады.

28-апрелде Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы ("Головной") суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесиндеги кагылышуудан тажик тараптан төрт, кыргыз тараптан үч адамга таш тийип жарадар болгонун Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

29-апрелде эртең менен Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө тажикстандык жарандар ок атуучу курал колдонуп, ошол айыл аркылуу өтүүчү Ош-Исфана жол боюнда жайгашкан Тажикстандын Майский айылы тараптан жолдон өткөн автоунааларга таш ыргытылганы да айтылган.

Тажикстандын чек ара мекемеси жети жаранына таш тийгенин, чырды кыргыз тарап баштаганын билдирди.

Кыргызстандын чек ара мекемеси тажик тараптын бул билдирүүсүн четке кагып, алар чек арадагы чыныгы абал тууралуу маалыматты бурмалап, абалды курчутуп жатканын айтты. (JsA)

Дагы караңыз

Баткен: Чек арада ок атышуу болуп жатат Жыштык чыры: Самат Кылжыев мамлекетке 300 миң сом төлөмөй болдуСомалидеги теракттан кеминде жети адам каза болдуОнлайн билим берүү маселелерине арналган эл аралык форум өтөт