Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:10

Жыштык чыры: Самат Кылжыев мамлекетке 300 миң сом төлөмөй болду


Самат Кылжыев.
Самат Кылжыев.

Радио жыштыктар чатагына байланыштуу үй камагында жаткан өкмөттүн аппаратынын мурдагы башчысы Самат Кылжыев мамлекетке 300 миң сом төлөмөй болду. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кечээ, 28-апрелде чыгарды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Айзада Момунова билдирди.

“Кылжыев Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү жана 43-берененин 3-4-бөлүктөрү менен күнөлүү деп табылды. 300 миң сом айыл пул чегерилип, мамлекеттин пайдасына төлөө милдеттендирилди”.

Самат Кылжыев былтыр 11-ноябрда радио жыштыктарды сатуу боюнча коррупцияга айыпталып кармалган. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалып, өткөн айда үй камагына чыккан.

Бул ишке байланыштуу айыпталган Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова менен Маалымат технологиялары жана байланыш агенттигинин жетекчисинин мурдагы орун басары Максат Жылышбаев да күнөөлүү деп табылган. Биринчи май райондук соту ушул айдын башында алардын ар бирине 260 миң сомдон айып пул салган.

УКМК 2020-жылдын май айында мамлекеттин карамагындагы 200 МГц жыштык «Скай Мобайл» компаниясына сатылып, мыйзамсыз кайра катталганын айткан жана бул боюнча кылмыш ишин козгогон.

Мунун артында ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев турганы айтылган. Абылгазиев бул билдирүүнү саясатташкан жалаа деп баалаган. (MiK)

XS
SM
MD
LG