COVID-19: Европа жана АКШ Индияга кол сунду

Индиянын Ахмадабад шаарында ооруканага кезек күткөн бейтаптар, 20-апрель 2021-жыл.

Индияда коронавируска чалдыккандардын бир күндүк көрсөткүчү дагы жаңы чекке жетти. Соңку бир суткада өлкөдө 353 миңдей адам вирусту жугузуп алды.

Ооруканаларда керебет жана кычкылтек жетишсиз болуп жаткандыктан АКШ, Улуу Британия сыяктуу бир катар өлкөлөр Индияга жардам көрсөтө баштады.

Индиянын баш калаасы Нью-Делинин көчөлөрүндө Тез жардам унааларында деми кысылып жаткан бейтаптар көнүмүшкө айланды. Бейтапканаларда керебеттердин баары толуп калган, кычкылтек концентраторлору да жетишсиз.

"Бир аз мурда биз аны Лок Наяк ооруканасына алып барганбыз. Бирок алар кабыл албай коюшту. Башка бейтапканага жиберишти. Ал жакта да кабыл алышкан жок. Тез жардам унаасында кычкылтек калбай баратат. Абалы оор. Тогуз жолдун томунда кычкылтексиз калып, үмүтүбүз үзүлүп отурабыз", - деп билдирди тез жардам унаасында жаткан бейтаптын тууганы Анимеш Кумар.

Соңку беш суткадан бери 1 миллиард 300 миллиондой калкы бар Индияда COVID-19га чалдыккандардын бир күндүк көрсөткүчү улам жаңы чекке жетип жатат. Дүйшөмбүдө дагы 353 миңдей адам вирусту жугузуп алганы ырасталды, дагы 2812 бейтап жашоо менен кош айтышты. Натыйжада Индияда вирус жукканы ырасталган адамдардын жалпы саны 17 миллиондон, курмандыктардын саны 195 миңден ашты.

Социалдык тармактар ооруканалардын алдында кезек күтүп жаткан жерден жакынын жоготуп, ыйлап жүргөн адамдардын видеолоруна толуп кетти. Крематорийлер COVID-19дан көз жумган адамдардын сөөгүн өрттөп жетишпей жатышат.

Нью-Делидеги коронавирустан көз жумган бейтаптардын сөөгүн өрттөй турган жай, 22-апрель 2021-жыл.

Мындан улам Улуу Британия, АКШ, Германия жана Евробиримдик Индияга жардам жөнөтө баштады. Британ бийлиги 140 жасалма дем алдыруучу аппарат жана 500 кычкылтек концентратору 27-апрелде Индияга жетерин билдирди.

"Улуу Британия Индияга кычкылтек концентраторлорун жана дем алдыруучу аппараттарды жөнөтүүдө. Учурда алар абдан керек болуп турат. Индиядагы ооруканалар мурда болуп көрбөгөндөй басым алдында иштеп жатышат. Биз Индиядагы досторубуз болгон жардамды алышын камсыз кылабыз", - деп билдирди Улуу Британиянын коргоо министри Бен Уоллес.

АКШ Индияга вакцина өндүрүүгө керектүү материалдарды, тесттерди жана коргонуучу каражаттарды жеткирүүнү убада кылды. Германиянын канцлери Ангела Меркел "пандемияга каршы биргелешип күрөшүү зарылдыгын" белгилеп, Индияга чукул арада жардам миссиясы жөнөтүлөрүн айтты. Европа Биримдиги да Нью-Делинин өтүнүчүнүн негизинде Индияга кычкылтек жана дары-дармек жөнөтмөй болду.

Январь айында эле Индиянын премьер-министри коронавирусту жеңгенин жарыялап, өлкө вакциналарды өндүргөн "дүйнөлүк дарыканага" айланганын жана өнүгүп бараткан башка мамлекеттерге үлгү боло аларын айткан эле. Андан үч ай өтпөй кырдаал чукулунан өзгөрдү.

Айрымдар вирустун кеңири жайылышын адамдардын санитардык эрежелерди сактабай, той-топурларды, саясий иш-чараларды кеңири өткөрүп жиберишкенинен көрүшөт. Башкалары буга коронавирустун Индияда пайда болгон жаңы "эки жолу мутацияланган" түрү себеп экенин айтышат.

Соңку күндөрү Индия коронавирусту жугузуп алгандардын саны боюнча АКШдан кийинки экинчи орунга, каза болгондордун жалпы санына карап, Кошмо Штаттар, Бразилия жана Мексикадан кийинки эле төртүнчү орунга чыкты.

Дүйнөдө пандемия башталгандан бери 147 миллиондон ашуун киши өпкөнүн сезгенүүсүнө алып келген коронавирусту жугузуп алганы ырасталды. 3 миллион 110 миңден ашуун бейтап COVID-19дан көз жумду.

Италиянын баш калаасы Рим, 26-апрель, 2021-жыл.

Италия коронавирустун экинчи жана үчүнчү толкундарын ооздуктоо үчүн киргизилген чектөөлөрдү жумшарта баштады. 26-апрелден тартып өлкөнүн көпчүлүк аймагы тобокелчилик азыраак деген "сары" категорияга түшүрүлдү. Ресторандарга террасаларында кардарларды кабыл алууга мүмкүнчүлүк берилди. Ошол эле учурда кечки саат 10дон кийинки коменданттык саат кала берет.

Словакия 1-октябрда киргизилген чукул кырдаал режимин кайра узартууну көздөп жатат. Ошентсе да өлкөдө көпчүлүк дүкөндөр жана ишканалар 26-апрелден тартып кайра ачылууда.

Казакстанда соңку бир апта ичинде 2716 кишиден коронавирус табылды. Алардын көбү Алматы (693) жана Нур-Султан (475) шаарларына туура келет. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, ишемби күнү өлкө боюнча коронавирус инфекциясынан улам 24 адам кайтыш болду.

Дагы караңыз COVID-19: Кыргызстандыктар үч вакцинанын бирин тандай алышат

Казак өкмөтү COVID-19га каршы өлкөнүн өзүндө өндүрүлгөн "QazVac" вакцинасы менен калкты эмдей баштады. Бул вакцина үчүнчү клиникалык сыноодон өткөнгө чейин эле эмдөө жараяны башталганы кабарланды. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, биринчилерден болуп, бул вакцина менен саламаттык сактоо министри Алексей Цой эмделди. Бул препарат менен эмделгендер 21 күндөн кийин вакцинанын экинчи дозасын алышы керек.

Кыргызстандын Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабынын 26-апрелдеги маалыматына караганда, жекшембиден бери Кыргызстанда бул илдеттен эки адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын бири Бишкектеги, экинчиси Нарындагы ооруканада жатышкан. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1584 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 199 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (138) жана Чүй облусунда (29). Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 94 030 адамга жетти.