Бүгүн, 26-апрелде 111 этникалык кыргызга жарандык берилди. Анын 106сы Ооганстандан келген памирлик кыргыздар, бешөө кытайлык боордоштор. Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, учурда Теңир-Тоодогу эки памирлик үй-бүлө паспортторун колуна алышты.
Президент Садыр Жапаров ушул айдын башында Оштун Алай районундагы памирлик кыргыздар менен жолугуп, Ооганстандан келген боордошторго Кыргызстандын жарандыгын берүү маселесин көтөргөн. Жапаров Ооганстандагы кыргыздарды ушул жылдын кыш мезгилине чейин көчүрүү ниети бар экенин айткан.
Памир кыргыздары — 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар билим алууга жана ден соолукту чыңдоого шарты жок Чоң жана Кичи Памир тоолорун байырлайт.
2019-жылдын 23-декабрында 50 кишиден турган 11 памирлик үй-бүлө Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келген. 2017-жылы Нарынга 50 памирлик кыргыз келип, жатаканага жайгаштырылган. Кийинчерээк бир нечеси Ооганстанга кеткен бойдон кайтып келген эмес. (BsB)
Дагы караңыз
Чек ара чырына айыпталган баткендик Орусияда камакка алындыCOVID-19: Бай өлкөлөр Индияга жардам беретКазакстанда "QazVac" менен эмдөө башталдыКыргызстан уурдалган эки жараны тууралуу Дүйшөмбүгө нота жөнөттүОтунбаеванын фонду: Жакиевдин көзү өтсө да чыгармалары баалуу мурас катары жашай беретЖК комитети министр Бейшеналиевди кызматтан алууну сунуштайт Навальныйдын фонду: Сот прокуратуранын арызын канааттандырды