Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:57

COVID-19: Бай өлкөлөр Индияга жардам берет


Индия. Нью-Дели. Жакындары коронавирустан өлгөн адамды өрттөөгө даярдап жаткан учуру. 22-апрель, 2021-жыл.
Индия. Нью-Дели. Жакындары коронавирустан өлгөн адамды өрттөөгө даярдап жаткан учуру. 22-апрель, 2021-жыл.

Улуу Британия, АКШ жана Германия коронавирустан улам кырдаал курчуп кеткенине байланыштуу Индияга токтоосуз жардам көрсөтүүгө убада беришти.

Индия өткөн жекшембиде эле COVID-19 илдетин 349 691 адам жугузуп алганы аныкталганын, бир жумадан бери күнүнө эки миңден ашуун адам каза болуп жатканын кабарлаган.

Британия, АКШ жана Евробиримдик Индияга өпкөнү желдетүүчү кислороддук баллондорду жана ИВЛ аппараттарын, башка медициналык каражаттарды токтоосуз түрдө жөнөтөрүн убада кылды.

Британиянын Тышкы иштер министрлиги 27-апрелде Индияга 140 ИВЛ аппараты менен 500 кычкылтек баллону жөнөтүлөрүн билдирди.

Кошмо Штаттары COVID-19 илдетине каршы вакцина өндүрүүгө зарыл болгон материалдарды жөнөтөрүн жана өпкөнү желдетүүчү аппараттар жиберилерин билдирди.

Германия дагы Индияга колдоо көрсөтүү мисссиясы даярдалып жатканын билдирди.

Европа комиссиясы болсо Делинин реалдуу муктаждыгын карап чыгып, андан зарыл буюмдардын тизмеси келгенден кийин гана ошого жараша Индияга гуманитардык жардам көрсөтүлө турганын жарыялады.

XS
SM
MD
LG