Дүйнөлүк саламаттык уюмунда коронавирусту уу коргошун менен дарылоо тууралуу эч кандай документ жок. Бул тууралуу 26-апрелде Бишкекте өткөн пресс-конференцияда уюмдун Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Назира Артыкова айтты:
“Дүйнөлүк саламаттык уюмунда COVID-19ду уу коргошун (аконит) менен дарылоо тууралуу кандайдыр бир документ жок. Документтер берилсе аларды изилдеп чыгып, бардык суроолорго жооп бере алабыз”.
15-апрелде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын жарыялаган. Эртеси саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев брифинг өткөрүп, уу коргошун ушул кезге чейин Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөнүн жана натыйжасы далилденгенин жарыялаган.
20-апрелде Бишкекте уу коргошунга ууланган төрт адам ооруканага түшкөн. Министр Бейшеналиев уулангандар алар сунуштаган уу коргошунду эмес, өз алдынча ичкендер экенин билдирген.
Уу коргошун коронавирусту дарылоодо натыйжалуу эмес экенин уюм буга чейин да билдирген. (RK)
Дагы караңыз
Кыргызстанда Sinopharm менен эмдөө бардык аймактарда башталдыНекролог: Бексултан Жакиев элди руханий кризис мөгдөтүп турганда коомду агартууга салым коштуCOVID-19: Бишкекте кошумча стационарлар ачылатКоомдук жана саясий ишмер Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү