Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:27

Коомдук жана саясий ишмер Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү


Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты.
Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты.

Бишкекте 26-апрелде белгилүү драматург, кинодраматург, публицист жана жазуучу, коомдук жана саясий ишмер Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Опера жана балет театрынын алдында өткөн иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, премьер-министр Улукбек Марипов, экс-президент Сооронбай Жээнбеков, маркумдун жакындары жана коомчулук өкүлдөрү катышты.

Президент Садыр Жапаров баштаган өлкө жетекчилеринин, коомчулук өкүлдөрүнүн атынан жарыяланган көнүл айтууда (некролог) Жакиев башында драматург катары таанылса, кийин элди руханий кризис мөгдөтүп турган учурда публицистика аркылуу коомду агартууга өз салымын кошуп келаткандардын башкы сабында турганы, Кыргыз Республикасынын Баатыры катары өзүн коомго, мамлекетке керектүү адам экендигин далилдей алганы айтылды.

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы «Манас» ордени жана «Даңк» медалы менен сыйланган Бексултан Жакиев 25-апрелде катуу оорудан улам 85 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Маркумдун өөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат. (MZh)

XS
SM
MD
LG