Ушул апта башында Бали деңизинде аскердик машыгууларга даярдык көрүп жатканда дайынсыз жоголгон суу алдында жүрүүчү кеме чөгүп кеткени аныкталды. Бул тууралуу Индонезиянын президенти Жоко Видодо билдирди.
"Биз, индонезиялыктар, суу алдында жүрүүчү кеменин баардык мүчөлөрүнүн үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз",-деди Видодо 25-апрелде.
KRI Nanggala-402 кемесинде 53 адам бар болчу. 21-апрелде кеме экипажы байланышка чыкпай калган. Куткаруу иштерине жыйырмадан ашуун кеме жана кайык тартылган.
24-апрелде индонезиялык аскерлер 1983-жылы Германияда чыгарылган суу алдында жүрүүчү аппаратка таандык делген калдыктарды табышкан.
Аскерлер кийинчерек суу алдында жүрүүчү кеме 850 метр тереңдикте жатканын аныкташкан.
Суу алдында жүрүүчү кеме 2012-жылы Түштүк Кореяда оңдолуп-түзөтүлгөн. Буга чейин Чыгыш Тимордогу аскердик аракеттерге катышкан.
Дагы караңыз
Алматыда 200дөй киши жер мыйзамына каршы митингге чыгышты COVID-19: төрт бейтап каза таап, оору 228 кишиден табылды Валентина Шевченко бешинчи жолу чемпиондук наамын коргодуАнкара Байдендин "геноцид" тууралуу билдирүүсүн четке какты