Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:59

Алматыда 200дөй киши жер мыйзамына каршы митингге чыгышты


Алматыдагы митинг. 24-апрель, 2021-жыл.
Алматыдагы митинг. 24-апрель, 2021-жыл.

Казакстандын Алматы шаарынын борбордук аянтына 24-апрелде митингге чыккандар жер тууралуу мыйзам долбоорун кароодон баш тартууну талап кылууда.

"Азаттыктын" казак кызматы билдиргендей, 200гө жакын киши катышкан митингде «Назарбаев, кет!» деген ураан да чакырылды.

Нааразы тарап жер мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөр эгемендик менен улуттук коопсуздукка коркунуч келтире турганын айтышууда. Алар документ жерди жарым кылымга ижарага берүүгө, чет элдиктердин токой өстүрүү үчүн 25 жылга ижарага алышына шарт түзөт деп эсептешет.

Митингге Алматынын бийлиги уруксат берген эмес. Акция өткөрүү тууралуу активист, Демократиялык партия түзүү боюнча демилгелүү топтун лидери Жанболат Мамайдын арызы "коронавирус көбөйүп жатат " деген негизде четке кагылган.

Акимчилик акциянын катышуучуларына митинг мыйзамсыз экенин айтып, аларды тарап кетүүгө чакырды. Бирок ал жерден эч ким кеткен жок. Прокуратуранын өкүлүнүн да элди тарап кетүү тууралуу эскертүүсүнө чогулгандар «Прокурор, кет!» деп жооп беришти. Андан кийин «Назарбаев, кет!» деп кыйкырып турушту.

Аянтта жана жакын аймактарда мобилдик интернет тартпай, "Азаттыктын" казак кызматы митингди түз алып чагылдыра албады.

Оппозициялык активисттер буга чейин 24-апрелде бир нече шаарларда мыйзам долбооруна каршы нааразылык акциясына чыгарын жарыялашкан. Көпчүлүк шаарларда бийлик митингге уруксат берген жок. Мындай жарыядан кийин аймактарда активисттер полициянын кысымына кабылганын билдиришти.

Сөз болуп жаткан мыйзам долбоору учурда сенатта каралып жатат.

XS
SM
MD
LG