ЕАЭБден ташылган кумшекерден бажы алымы убактылуу алынбайт  

Иллюстрациялык сүрөт.

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши (ЕЭК) Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрүнүн ичинде кумшекерди ташууда бажы алымынан убактылуу бошотуу чечимин кабыл алды.

Кыргыз өкмөтүнүн сайтындагы маалыматка караганда, бул чечим 15-майдан 30-сентябрга чейин күчүндө болот.

Ага ылайык, Кыргызстанга – 40 миң тонна, Арменияга – 22,4 миң тонна, Казакстанга – 134,4 миң тонна жана Орусияга 350 миң тоннадан ашпаган көлөмдөгү кумшекерди киргизүүдө бажы алымы алынбайт.

ЕЭК Коллегиясы бирликке кирген мамлекеттер менен бирге ай сайын тарифтик жеңилдикти колдонуу менен кумшекердин импорттолгон көлөмүнө, ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ички рыногундагы сатууда мониторинг жүргүзүп, ЕЭК кеңешине маалымат берип турат.

Тараптар рыноктогу шекердин баасына байланыштуу абалды эске алуу менен, зарыл болгон учурда июль айында кошумча турукташтыруучу чаралар тууралуу маселени кароого кайрылууну макулдашты.

Учурда ЕАЭБ өлкөлөрүнө кирбеген өлкөлөрдөн ташылып келинген шекерге импорттук алым тоннасына 340 долларды түзөт. (MiK)

Дагы караңыз

Кыргызстанга "AstraZeneca" вакцинасы май айында келетБердимухаммедов уулуна "эмгек сиңирген ит багуучу" наамын берди Кыргызстанда баңгизат ташуу эки эсеге өстү Чектеш үч облустун жетекчилеринин жолугушуусу башталдыCOVID-19: Кыргызстанда он беш миңдей адам вакцина алдыКытайда каза болгон кыргызстандык студенттин сөөгү туугандарына берилдиСоңку бир суткада коронавирустан жети адам каза болду