Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:18

Кыргызстанда баңгизат ташуу эки эсеге өстү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик бажы кызматы быйыл жыл башынан бери эле баңгизат ташыган 30 учурду каттады. Бул иштердин натыйжасында мыйзамсыз ташылган 100 кг жакын маңзат табылган. Алар:

- марихуана 48 кг. 304гр, 89мг.;

- гашиш 45 кг. 833гр, 25мг.;

- апийим 2гр. 91 мг.;

- психотроптук каражаттар 450гр.

Бажы кызматы тараткан маалыматка ылайык, бул сандар былтыркыга салыштырмалуу 57% көп.

Мындан бир ай мурда Ошто маңзат ташыгандарды калкалап жүргөн деген шек менен милиция жетекчиси кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) колго түшкөн тартип сакчылары көптөн бери Ош облусунун аймагында ири өлчөмдөгү баңги заттарын сатуу менен алектенип жүргөн деп шектелгенин билдирген.

Кыргызстан Ооганстанда өстүрүлгөн баңгизаттарын Орусияга жана Европа өлкөлөрүнө жашыруун алып өтүүчү трафикте жайгашкан өлкө экенин адистер белгилешет. (MiK)

XS
SM
MD
LG