Өкмөт башчы Улукбек Марипов Кыргызстанга май айында Австриядан Оксфорд университети менен "AstraZeneca" компаниясы иштеп чыккан вакцина келерин билдирди. Бул тууралуу 23-апрелде "Фейсбуктагы" баракчасында түз эфирге чыкканда айтты.
Бир күн мурун Орусиядан келген "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозасы аймактарга бөлүштүрүлө баштаганын билдирди.
Ошондой эле, 29-мартта Кытайдын "SinoPharm" препараты менен эмдөө башталганын, каалоочулар үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна барып вакцина алса болорун белгиледи.
20-апрелде COVAX эл аралык программасынын алкагында Кыргызстанда 423 миң шприц жана колдонулган медициналык каражаттарды коопсуз шартта жок кылуу үчүн 3825 даана куту келген.
Расмий кабарга ылайык, Кыргызстанда 23-апрелге карата 14 861 киши коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.
Өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдет 93 278 кишиге жукту. Анын 87 717си айыгып, Вирустан жалпы 1573 адам кайтыш болду (23-апрелдеги маалымат).
Дагы караңыз
Бердимухаммедов уулуна "эмгек сиңирген ит багуучу" наамын берди Кыргызстанда баңгизат ташуу эки эсеге өстү Чектеш үч облустун жетекчилеринин жолугушуусу башталдыCOVID-19: Кыргызстанда он беш миңдей адам вакцина алдыКытайда каза болгон кыргызстандык студенттин сөөгү туугандарына берилди"Азаттык" тажрыйбалуу веб-редактор издейтБаткенде "Салттуу музыка жумалыгы" башталатМуфтият: Кадыр түн 9-майда белгиленет