Райондук сот Бакир Таировду күнөөлүү деп таап, айып салды

Бакир Таиров.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын мурдагы башчысы Бакир Таировду коррупцияга күнөөлүү деп тапты. Ал мамлекетке 265 миң сом айып төлөмөй болду. Чечим 21-апрелде чыкканын "Азаттыкка" райондук соттон билдиришти.

Бакир Таиров 2020-жылы октябрдагы парламенттик шайлоо үчүн мамлекеттик мекемелерден акча чогулткан деген шек менен 10-декабрда кармалган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, 17-февралда үй камагына чыгарылган.

Бакир Таиров же анын мыйзамдуу өкүлдөрүнөн азырынча комментарий алууга мүмкүн болгон элек. (SE)

Дагы караңыз

COVID-19: Кыргызстанда 12 миңден ашуун адам вакцина алдыКазакстан Бишкек-Жамбыл-Талас транзитине кайрадан уруксат бердиКубанычбек Жумалиевдин мандаты Аманкул Токтомамбетовго берилдиШавкат Мирзиеёвге интернетте акарат келтирген адамга иш козголдуКурманкул Зулушев: уу коргошундун тундурмасын 400 бейтап ичкенКумарканага жол ачкан мыйзам долбоору биринчи окууда өттү Аба ырайына байланыштуу чукул билдирүүКомментарий жазуу эрежеси өзгөртүлдү