Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:09

Шавкат Мирзиеёвге интернетте акарат келтирген адамга иш козголду


Президент Шавкат Мирзиеёв Хорзем облусундагы иш сапары учурунда.
Президент Шавкат Мирзиеёв Хорзем облусундагы иш сапары учурунда.

Өзбекстандын Жизак облусунун Бахмал районунун 52 жаштагы тургуну президент Шавкат Мирзиеёвди мазактоого шектелип жатат.

Облустук прокуратура тараткан билдирүүгө ылайык, ал жаран Youtube менен Facebook платформаларында атайын аккаунт ачып, анда видео тасмаларды жарыялап, түз эфирге чыгып турган.

«Ал өзүнүн билдирүүлөрүндө президенттин жетекчилиги менен жүрүп жаткан реформалардын мазмунун коомчулукка туура эмес түшүндүргөн. Ал президентти шылдыңдап, мамлекет башчысын каралап, аброюна шек келтирип, аны кемсинтип, ушактаган жалган маалыматтарды тараткан" - деп айтылат маалыматта.

Улуттук коопсуздук кызматынын Жизак облустук башкармалыгы ал тургунга карата Өзбекстандын Кылмыш кодексинин 158-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык кылмыш ишин козгогон. Бул беренеде президентке эл алдында акарат келтирүү жана ушактоо үчүн жаза чарасы каралган.

Эгерде кылмышка шектелген жарандын айыбы сотто далилденсе, анда ал мыйзам боюнча үч жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартылат, же беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Президенттин аброюн жана ар-намысын коргоого байланыштуу мындай өзгөртүүлөр жана толуктоолор быйыл март айынын аягында Өзбекстандын Кылмыш кодексине киргизилген.

XS
SM
MD
LG