Курманкул Зулушев: уу коргошундун тундурмасын 400 бейтап ичкен

Курманкул Зулушев.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 21-апрелде Жогорку Кенештин жыйынында уу коргошундун тундурмасы жалпысынан 400 бейтапка берилгенин билдирди. Ал муну саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин бул чөпкө байланыштуу аракетин иликтөөнүн алкагындагы маалыматка таянып айтты.

"400 жаран өз макулдугу менен колдонуптур. Эч кимисинде уулануу белгилери катталбаптыр. Текшерүү иштери жүрүп жатат. Жыйынтыгына жараша укуктук баа берилет", - деди Зулушев.

Өткөн аптада президент Садыр Жапаров, андан кийин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирусту жана башка дарттарды дарылоодо уу коргошундун пайдасы тууралуу билдирип, коомдо сынды күчөткөн.

Министр Бейшеналиев уу коргошундун тундурмасы ооруканада бейтаптарга бериле баштаганын маалымдаган. 20-апрелде ооруканада аны ичкен үч адамдын абалы оорлошкону кабарланган. Министр 24.kg агенттигине комментарий берип, абалы начарлаган бейтаптар ал сунуштаган тундурманы эмес, башка кайнатманы ичкенин айткан.

Министрди жоопкерчиликке тартуу талабы менен жарандык активист Умай Арыкова күч органдарына арыз жазган. Башкы прокурор ишти милиция карап жатканын билдирди.

"Фейсбук" компаниясы президент Садыр Жапаровдун уу коргошунду жарнама кылган постун өчүрүп салды. Президенттин басма сөз кызматы постту өчүрүүгө сырттан кийлигишүү болбогонун билдирген.

Уу коргошун - Ысык-Көл тамыры деп да айтылат. (SE)

Дагы караңыз

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиКумарканага жол ачкан мыйзам долбоору биринчи окууда өттү Зеленский Путинге Донбасста жолугушууну сунуштадыОшто бала бакчада тарбияланган кыздын сабалышы тергеле баштадыКыргызстандын калкынын саны 6 миллион 637 миң кишини түздүБШК Кубанычбек Жумалиевдин депутаттык мандатын токтоттуБаткенде мунай чыгарган чакан завод ишке кирет