Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:20

Уу коргошун чуусу токтой элек


Уу коргошунду каттоо тууралуу расмий органдарга арыз түшкөн эмес.
Уу коргошунду каттоо тууралуу расмий органдарга арыз түшкөн эмес.

Бишкекте 20-апрелде уу коргошундун тундурмасына (Ысык-Көл тамыры же аконит затына) ууланды деген божомол менен бир адам Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылды.

1-апрелден 20-апрелге чейин коронавирустан көз жумгандар 53 адам болду. Ооруканада 1 246 бейтап дарыланууда. Бишкекте бейтаптар үчүн стационарларда орун улам азайып, 132 кошумча керебет даярдалды. Ал арада саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошунду вирустун дарысы катары сунуштап, Бишкекте ага ууланганы божомолдонгон алгачкы бейтап катталды.

Үчүнчү толкунга даярдык

Коронавирустун үчүнчү толкуну менен күрөшүү максатында жалпы өлкөдө эки этапта даярдык жүрүп жатат. Вирус жуктурган бейтаптар үчүн өлкө боюнча 2361 орун даярдалып, 1125и бош турат. Абалы оор бейтаптар үчүн реанимациялык 255 орун бар. Анткен менен акыркы аптада коронавирусту жуктургандар көбөйүп, Бишкекте бейтаптар үчүн кошумча орундар ачыла баштады.

Бул тууралуу 20-апрелде саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев маалымдады.

“Бишкекте коронавирус менен ооругандар көбөйүп, стационарларда орун азайгандыктан, дагы кошумча 132 керебет койдук, дарыгерлердин төрт бригадасы иштеп жатат. Жалпы Бишкек шаары боюнча азыр бош турган орундар 281 деп эсептелди. Республика боюнча “кызыл зонада” 214 догдур иштеп, аларга 403 медайым жардам берүүдө”.​

Жаңы протоколдо бир топ дарыларга тыюу салынган

20-апрелде Кыргызстанда коронавирусту дарылоонун эл аралык стандарттарына жооп берген бешинчи протокол бекиди. Клиникалык протоколго ылайык медициналык далилдөөнүн бардык этабынан өтпөгөн бир да дарыны же каражатты колдонууга болбойт. Вирустун алдын алуу үчүн да фармакологиялык далилденбеген каражаттарды сунуштоо, COVID-19 вирусунун жеңил формасында антибиотик ичүүгө, арбидол, ингавирин, эргоферон баштаган бир нече дары каражаттарын бейтапка жазууга, оору күчөп бара жатса өз алдынча, дарыгердин көзөмөлү жок дексаметазон, преднизолон, гидрокортизон, химиялык кошулма, теофиллин, эуфиллин, хлорид кальцийи сыяктуу кошулмаларды тамчылатууга, антибиотиктердин аралашмасын сайдырууга болбойт.

Коомдо талкуу жаратып, саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри түз эфирде өзү ичип көрсөткөн аконит же Ысык-Көл тамырынын тундурмасы тууралуу бешинчи протоколдо эч айтылган эмес.

Медициналык документти иштеп чыккан илимий топтун мүчөсү, башкы инфекционист Айнура Кутманованын айтымында, аконит тундурмасын клиникалык протоколго киргизүүнү бир да илимпоз сунуштаган жок:

“Дарылоо протоколун түзгөн атайын жумушчу топко медицинанын бардык тармагынын алдыңкы илимпоздорун киргизгенбиз. Биз бешинчи протоколду даярдап жатканда аконит тууралуу бир да сөз айтылган эмес. Биз эл аралык маалымат булактарынын, сунуштамалардын негизинде медициналык далилдөөдөн өткөн гана дары-дармекти колдонууга болот деп белгилеп жатабыз. Эч кандай эксперименталдык, далилденбеген кошумча заттарды кошпойбуз. Бейтапты кабыл алынган протоколдун гана алкагында, өзүнүн макулдугу менен дарылоо зарыл. Өлкөдөгү коронавирус болгон адамдарды караган бардык дарыгерлерге ушундай көрсөтмө берилген”.

Анткен менен илимий протоколду иштеп чыккандардын сунуштамасынан тыш, аконит тундурмасын колдонуп жаткан ооруканалар тууралуу коомдук телеканалдар, медиа каражаттары байма-бай видеолорду таркатууда. Мындай видео-жаңылыктардын бири Токмок аймактык ооруканасында тартылган. Аталган ооруканада уу коргошундун тундурмасын ичип жаткан бейтаптарды жана аны менен дарылаган догдурлардын бул тундурма тууралуу оң маанайдагы пикирлерин көрсө болот.

Бирок ушул эле ооруканадагы дарыгерлердин бири өз ысымын жашырып, жагдай тууралуу "Азаттыкка" мындай маалымат берди:

“Мен вирус башталгандан бери эле “кызыл зонада” иштеп келе жатам. Биринчи жана экинчи толкунда расмий кабыл алынган клиникалык протокол менен дарылап келе жатканбыз. Абал жакында эле биздин ооруканага президент Садыр Жапаров келип кеткенден кийин өзгөрдү. Биздин вирусту дарылаган экинчи бригаданын догдурлары болжол менен 2-апрелден тартып бейтаптарга "какырыкты чыгаруучу тундурма" деп бир суюктукту берип, тажрыйба жүргүзө башташкан экен. Ал аконит тундурмасы экенин бейтаптарга алгач айтышпаптыр. Биз, дарыгерлердин бир тобу дароо эле буга каршы чыктык. Президент ооруканага келип кеткенден кийин Ысык-Көл тамырын ачык эле айтып, ичирип жатышат. Өзүм тууралуу айта турган болсом, бул тундурманы бейтапка бербеймин, себеби бул мыйзамга каршы иш”.

Тажрыйбага алынган бейтаптар кайда?

16-апрелде саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирусту дарылоонун жаңы ыкмасын жарыялаган. Анын айтымында, мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун сунушу менен бейтаптарга уу коргошундун тундурмасын ичире башташкан. Министрдин айтымында, тундурманы өлкөдөгү ооруканаларда жаткан 300дөй бейтап ичкен.

Бирок, бул тажрыйба качан, кайсы ооруканаларда башталганын министр тактап айткан жок. Биз Токмок аймактык ооруканасы баштаган бир нече аймактык ооруканалардын башкы дарыгерлерине байланышып, уу коргошун тундурмасына байланыштуу тажрыбайлар уланып жатабы деген суроого жооп ала албадык.

Инфекциялык ооруларды дарылаган Бишкектеги клиникалык оорукананын дарыгери Канат Искенов уу коргошундун тундурмасын ооруканада колдонушпаганын билдирди:

“Биз бейтаптарга берген жерибиз жок. Ооруканада андай окуя катталбады”.

Уу коргошун дары катары каттоого алынган эмес

Клиникалык дарылоо протоколуна кирбеген, бирок министр, президент сунуш кылган уу коргошунду дары катары каттоо боюнча Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин Дарыларды каттоо жана лицензия берүү департаментине атайын арыз менен эч ким кайрылган эмес. Аталган департамент бул маалыматты тастыктап, уу коргошунга байланыштуу бир да дары же медициналык каражатка өлкөдө колдонууга уруксат берилбегенин билдирди.

Дарыны бейтапка уруксатсыз тажрыйба кылууга болбойт

Эл аралык нормалар жана өлкөдөгү калктын саламаттыгына байланыштуу мыйзамдарга ылайык кандайдыр бир дарыны калкка өз алдынча тажрыйба жүргүзүүгө болбойт.

Онколог-профессор Амангелди Жумабаев Кыргызстанда адатта бейтаптар эмне дары ичип жатканына кызыкпай, догдурдан кеңири маалымат албагандыктан, дары ичүүнүн этикалык эрежелери сакталбайт деген ойдо. Мындай шартта дарыгерлер өздөрү бейтапка маалымат берип, кандайдыр бир эксперименталдык дарылоого аларда оорулуунун жазуу түрүндө макулдугун алгандан кийин гана башташы керек.

“Негизи бейтап эмне дары ичип жатканы тууралуу өзү кызыгып сураса, анда толук маалымат бериш керек. Дарынын терс жактары, организмге тийгизген зыяны, кантип ичет, схемасы, айтор баарына тиешелүү маалымат оорулууга жеткиликтүү тил менен түшүндүрүлүшү абзел. Бирок, бизде бейтаптар көбүнчө ичип жаткан дарысы тууралуу сурашпайт деле. Эмнегедир медициналык кызматкерге ишеним чоң. Ал эми эксперименталдык дарыларга келсек, бир да оорукана же дарыгер тажрыйба жүргүзүү максатында кайсы бир каражатты адамдарга бербеши керек. Тажрыйба жүргүзүүнүн алдында этикалык комиссия, проблемалык комиссия деген бир топ баскычтагы комиссиялардан өткөндөн кийин гана жазуу түрүндө уруксаты менен ичкенге болот. Бул комиссиялардан өтмөйүн кайсы бир каражатты дары катары берүүгө мүмкүн эмес”.

Макала даярдалып жатканда Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборуна уу коргошунга ууланды деп божомолдонуп, бир адам оор абалды түшкөнү маалым болду. 63 жаштагы бейтаптын абалы начар экени айтылууда.

Латынча Aconítum soongáricum деп аталган чөп Кыргызстанда уу коргошун деген аталыш менен белгилүү. Аны элдик медицинада өсмө (рак) жана башка ооруларды дарылоо үчүн табыптар колдонуп келген. Бирок ага медицинада тыюу салынган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уу коргошун коронавирусту дарылоодо натыйжалуу деген маалыматтарды четке какты.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG