Жогорку Кеңештин 21-апрелдеги жыйынында Ысык-Көл облусунун аймагында кумаркана жайларын ачууга уруксат берген мыйзам долбоору талаш-тартыш менен биринчи окууда кабыл алынды.
Долбоорду 68 депутат колдоп, 23ү каршы добуш берди. Бирок үч-төрт депутат адашып "ооба" деп добуш берип алганын айтышты. Депутат Төрөбай Зулпукаров кесиптештерин бул мыйзам долбоорун колдобоого чакырды. Ал аталган мыйзам долбоорун мусулмандардын ыйык орозо айында кароо - диний ишенимди басмырлоо болорун белгилеп, кайрадан добуш берүүгө чакырды.
Мурдагы спикер, депутат Дастанбек Жумабеков Зулпукаровдун сунушуна каршы чыгып, Жогорку Кеңештин регламентин бузбоону суранды.
Бир катар депутаттардын талаш-тартышына карабай, мыйзам долбоорун кайра добушка коюу сунушу колдоо тапкан жок. Төрага Талант Мамытов мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынганын билдирди. Эми экинчи жана үчүнчү окууга чыгарылат.
Депутаттар Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков даярдаган долбоорду парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети 6-апрелде карап, жактырган.
Кыргызстанда кумар оюндарына 2011-жылы мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу айтылып келет.(SE)
Дагы караңыз
COVID-19: Кыргызстанда 12 миңден ашуун адам вакцина алдыОшто бала бакчада тарбияланган кыздын сабалышы тергеле баштадыКыргызстандын калкынын саны 6 миллион 637 миң кишини түздүБШК Кубанычбек Жумалиевдин депутаттык мандатын токтоттуБаткенде мунай чыгарган чакан завод ишке киретМигранттардын "кара тизме" көйгөйүн Орусия менен сүйлөшүү сунушталдыОрусияда 9-майда "Өлбөс полк" жүрүшү өтпөйтCOVID-19: дагы төрт бейтап каза болду, оору 306 кишиге жукту