Ала качуу: былтыр 210 факт катталган, анын 11и гана сотко жеткен

Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жылы Кыргызстанда Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен 210 факт катталган. Анын 182си өндүштөн кыскартылып, 11и гана соттун кароосуна жиберилген. Ушул тушта дагы 15 ишти тергөө уланып жатат. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билдирди.

“Көпчүлүк иштердин кыскарып жатканынын себеби - тараптар келишип алып, арыздарынан баш тарткан учурлар болууда. Буга биз анализ жүргүзгөнгө аракет кылып жатабыз. Жакында болгон окуялар да терең көңүл бурууга зарыл экенин көрсөттү”.

Ал эми ушул жылдын алгачкы үч айында эле ала качуу, эркинен тыш нике кыюуга мажбурлоого байланыштуу 59 факты катталган. Анын ичинен учурда сегизи гана өндүрүштө.

Айзада Канатбекованын окуясын улам премьер-министр Улукбек Марипов ала качууга байланыштуу жазаны катаалдатууну сунуштаган. (MiK)

Дагы караңыз

COVID-19: оору дагы 225 адамдан аныкталды, эки бейтап көз жумдуЗулушев өтө коррупциялашкан беш министрликти атадыОшто балдардын жугуштуу оорулар бейтапканасынын жаңы имараты бир жыл кечигип ачылды"Манас" аэропорту менен Татарстандын "Ядран" компаниясы кызматташууну караштыруудаCOVAX программасынын алкагында медициналык каражаттар келдиЕБ Чехияны толук колдой турганын билдирди