Президент Жо Байден 2021-жылдын 30-сентябрына чейин АКШ кабыл алчу качкындардын санын аныктаган буйрукка кол койду.
Ага ылайык, быйыл Европадан жана Борбор Азиядан 1,5 миң, Латын Америкасы менен Кариб өлкөлөрүнөн 3 миң, Жакынкы Чыгыштан жана Түштүк Азия өлкөлөрүнөн 1,5 миң, Африкадан 7 миң, Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн миң качкынга башпаанек берилет. Дагы миң виза резервге калтырылат.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки кийинчерээк качкындарга бөлүнгөн квоталарда өзгөрүү болушу ыктымалдыгын билдирди.
Президент Байден буга чейин башпаанек берилүүчү чет өлкөлүк качкындардын санын 62,5 миң адамга жеткирүүнү убада кылган.
Дагы караңыз
Коронавирусту дарылагысы келген президенттерЖурналист Майрамбек Тойгонбаев каза болдуЧүйдө уурдалды деп айтылган бала табылды«Акнет иши»: Адвокаттар президентке кайрылыштыОшко иш издеп келген өзбек мигранттарыКоронавирус 244 адамдан табылды, үч бейтап көз жумдуКоомдук кеңеш: Уу коргошунду пайдалануу - адам өмүрүнө кол салууАк-Сайдагы абал боюнча сүйлөшүү 19-апрелде уланатДинде аялуу адамга кайдыгерлик кечиримсиз