Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:10

Коронавирус 244 адамдан табылды, үч бейтап көз жумду


Коронавируска кабылган бейтаптар дарыланып жаткан бөлүм. Чүй облустук ооруканасы. Апрель, 2021-жыл.
Коронавируска кабылган бейтаптар дарыланып жаткан бөлүм. Чүй облустук ооруканасы. Апрель, 2021-жыл.

Коронавируска каршы штабдын 18-апрелге карата берген маалыматына ылайык, акыркы суткада 244 адам илдетке чалдыкканы лабораториялык жактан тастыкталды. Алардын ичинен басымдуу бөлүгү Бишкекте - 158 адам. Чүй облусунда 54, Ысык-Көл облусунда 16, Ош облусунда 5, Таласта 5, Жалал-Абадда 2, Баткенде 2, Ош шаарында 2 адам коронавирус жуктуруп алган.

Ушуну менен былтыр марттан бери коронавирус оорусуна чалдыккандардын саны Кыргызстанда 91 883 адамга жетти. 86 907 бейтап оорудан сакайды.

Акыркы суткада үч адам коронавирустан көз жумду. Алардын экөө Бишкекте, бирөө Ысык-Көлдө катталды. Илдеттен жалпысынан 1549 адам көз жумду.

Ушул тапта 1227 бейтап ооруканада, 1229 киши үйүнөн дарыланууда. 48 бейтаптын абалы өтө оор, 319 бейтап орто оор абалда деп бааланууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG