Азыркы окуу жылы 25-майда аяктайт

Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл Кыргызстанда бардык жалпы билим берүү мекемелеринде окуу жылы 25-майда аяктайт. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, мындай чечим коронавирус пандемиясынын шартында окуучулардын саламаттыгын коргоо максатында кабыл алынды.

Тогузунчу жана он биринчи класстар арасында жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация 2-12-июнда өтөт.

Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы бейтаптар 2020-жылдын мартында каттала баштагандан тартып мектептер аралыктан иштөөгө өткөн жана окуу жылы онлайн жыйынтыкталган. Жаңы окуу жылы башталганы онлайн окуу жарым-жартылай токтотулган.

Адатта окуу жылы 1-сентябрда башталып, 31-майда жыйынтыкталчу.

Коронавирус өлкөдө 90 миңден ашуун адамга жукту, алардын 1,5 миңи каза болду. (RK)

Дагы караңыз

Бишкек-Торугарт жолунда 23-апрелге чейин чектөөлөр болот Мушташтан жабыркаган окуучуга операция жасалды, эки шектүү үй камагына алындыЖол боюндагы камераны талкалап кеткен айдоочуга иш козголдуКоронавирус төрт бейтаптын өмүрүн алды, 230 кишиден аныкталды