«Кыргыз темир жолу» ишканасы билдиргендей, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда коопсуздукка байланыштуу кайрадан чектөөлөр киргизилет.
19-апрелден 23-апрелге чейин жолдун 129-131-чакырымдарындагы кооптуу тилкелерде таш кулатуу иштери жүргүзүлөт.
Буга байланыштуу күндүз саат 09.00дөн 15.00гө чейин аталган чакырымдарда автоунаа жана темир жол кыймылдары убактылуу жабылат.
Боом капчыгайында таш кулай турган кооптуу аймактар көп. Маал-маалы менен аларда тазалоо иштери жүрүп турат. (NT)