Бишкекте төкмө акын Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечеси өттү

Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечеси.

Бишкекте таанымал төкмө акын, комузчу, маркум Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечеси өттү. Борбор калаанын №27 китепканасынын жамааты уюштурган “Булбулу элең элиңдин” аттуу иш-чарага маркумдун үй-бүлөсү, жакындары, замандаштары, мектеп окуучулары катышты.

Кеченин жүрүшүндө Иманалиевдин обондуу ырлары аткарылып, көркөм окулду. Аны жакындан таанып-билген замандаштары кызыктуу окуяларды эскерип, айтып беришти. Ал эми өзү тарбиялап кеткен шакирттери төкмө акындын өнөргө салган даңгыр жолун даңазалап ырдашты.

Китепканада маркумдун өмүр жолуна жана чыгармачылыгына арналган көргөзмө да өттү.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жаш муундар Элмирбек акынды эскеришти

Кыргызстан эле эмес, бүткүл Борбор Азияга таланттуу төкмө акын катары таанылган Элмирбек Иманалиев эл аралык жана республикалык деңгээлде өткөн бир нече айтыштарда баш байге алган. Ал 2020-жылы 20-апрелде 42 жашында оорудан улам каза болгон. (MZh)

Дагы караңыз

Руслан Акматбек: Матраимовдун схемасы токтодубу же жокпу, белгисиз болууда Акыйкатчы УКМКны Матраимовдун иши эмнеге жабылганын ачык айтууга чакырдыОсмоналиев: Матраимов акталган жок, демек ишине чекит коюла элекТашиев: Матраимовдун чет жактардагы мүлкү аныкталган жок