Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:51

Акыйкатчы УКМКны Матраимовдун иши эмнеге жабылганын ачык айтууга чакырды


Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

Акыйкатчы Токон Мамытов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата козголуп, кайра жабылган иш тууралуу коомчулукка кеңири маалымат берүүгө чакырды. 15-апрелде Мамытов “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” көрсөтүүсүндө сүйлөп жатып:

“Материалдарды жарыкка чыгарса. Эмненин негизинде, кайсы жерден кандай жооп келген? “Азаттык” радиосунун кабарчылары 15-20 суроо коюп кетишкен. Ошолорго жооп берип, ачык жарыялап койсо кооомчулук чийки май жегендей сезимде болбой, ишенип калат эле. УКМК эң биринчи ушуну жакшы ойлонуп, коомчулукка жарыялап койсо бүт суроолорго жооп алынып, маселе жабылат деп ойлойм”, - деди.

Мамытов ачыктоого мүмкүн болбогон жабык маалыматтарды жарыялоо болбой турганын, ал эми ачык маалыматтарды коомчулукка жеткирип коюу туура болорун, анткени бул резонанстуу иш экенин белгиледи.

Матраимовго карата кылмыштуу кирешени легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча жүрүп жаткан сотко чейинки териштирүү токтотулганын жана аны камакка алуу тууралуу бөгөт чарасы жокко чыгарылганын УКМК 15-апрелде билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, анын Дубайда кымбат мүлкү бар экендиги тууралуу “Азаттыктын” журналисттик иликтөөсүнөн кийин КМШ жана Европа өлкөлөрүнө, Кытайга, Түркияга жана Дубай эмиратына өтүнүчтөр жөнөтүлгөн. Аталган мамлекеттер Матраимовдун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ал жактарда кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жок экенин билдиришкен.

УКМК Матраимовду бул иш боюнча 2021-жылдын 18-февралында камакка алган. Ал Бишкектеги №47 колонияда кармалып турган.

Ал эми Матраимовго коррупцияга байланыштуу козголгон иш боюнча сот чечими Бишкектин Биринчи май райондук сотунда быйыл 11-февралда чыккан. Ал айыптуу деп табылып, жаза чарасы тергөө менен кызматташуу тууралуу келишимге ылайык 260 миң сомдук айыппул деп чегерилген.

Матраимов өзү сотто көрсөтмө берип жатып күнөөнү моюнуна аларын айткан.

"Азаттык" радиосу "Матраимовдун Дубайдагы миллиондук мүлкү" деген иликтөөсүн 2019-жылы, "Аманданын "ажайып" дүйнөсү" аттуу иликтөөсүн 2020-жылы жарыялаган.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.

Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG