2012-жылы Сузак райондук соту Ниязалиевди өмүр бою эркинен ажыраткан, бирок облустук сот 150 миң сом айып пул салып бошоткон. Ниязалиев ошондон бери издөөдө жүрөт.
Акталган судьялар
Ош шаардык соту мурдагы судьялар Амангелди Молдобаев, Тилек Батырбеков жана Атамбек Маматовдун ишине байланыштуу быйыл 12-январда өкүм чыгарганы белгилүү болду. Облустук соттун басма сөз өкүлү Айпери Туратбек кызынын "Азаттыкка" билдиришинче, алар Кылмыш-Жаза Кодексинин (01.10.1997-жылдагы редакциясы) 328-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыштын курамы жок деген негизде акталган:
"Ыйгарым укуктары токтотулган мурдагы судьялар Молдобаев, Батырбеков, Маматовдун аракетинде атайылап, тикелей ниетте кылмыш жасаган белгилердин болгондугун тастыктаган далилдер тергөө органдары тарабынан табылган жок жана соттук териштирүүдө айыптоочу тарап көрсөтө алган эмес. Тергөө органы жана айыптоочу тарабынан аталган кылмыштын жүйөсү аныкталган жок".
Деген менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мурдагы судьялардын акталган жагдайын, алардын оор кылмышка айыпталган адамдын бошотуп жибергенин териштирип-иликтегени жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" 14-апрелде белгилүү болду.
"Азаттык" радиосу Ош шаардык соттун экс-судьялар тууралуу өкүмүнө байланыштуу Башкы прокуратурадан эки күн катары менен комментарий алууга аракет кылды. Бирок башкы көзөмөлдөөчү органдын басма сөз кызматы бул макала жазылып жаткан чакта кандайдыр бир маалымат берген жок.
Санпа окуясына чекит коюла элек
2012-жылы күзүндө Жалал-Абаддагы Сузак райондук соту Шамсидин Ниязалиевди июнь коогасынын уюштуруучусу катары айыптап өмүр бою эркинен ажыраткан. Бирок облустук сот ага 150 миң сом айып пул салып сот залынан бошотуп жиберген. Ниязалиев болсо дароо изин жазгырып кеткенге үлгүргөн жана ошондон бери издөөдө жүрөт.
Молдобаевге, Батырбековго жана Маматовго алгач 2013-жылы алар облустук соттун судьясы болуп турганда облус прокурору кылмыш ишин козгогон. Бирок "судьяларга башкы прокурор гана иш козгой алат" деген мыйзам жобосуна ылайык, материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Судьялар иштен алынган.
Башкы көзөмөлдөөчү орган мурунку үч судьясына 2016-жылы кайра кылмыш ишин козгоп, териштире баштаган. Ошол кезде Молдобаев менен Тилек Батырбеков кармалып, ал эми Атамбек Маматов качып кеткендиктен издөө жарыяланган. Кийин алар үй камагына чыккан.
Мурунку үч судья тең кылмыш иши козголгонго чейин адвокат болуп иштеп жүргөн. Атамбек Маматов 2015-жылы Оштун Чоң-Алай районуна судья болуу үчүн Сотторду тандоо кеңешине арыз да берип, алардын кароосунан өткөн. Бирок президентке барганда жыдыган.
Ниязалиевди актаган судьялардын бири Амангелди Молдобаев Санпа окуясын уюштурган деген шек менен кармалган адамдын качып кетишинде күнөөсү жок экенин айтууда
"Аны укук коргоо органдары издеп табат да. Качып кеткени менен табылат. Өкүмдө "качкыла" деп жазган эмеспиз. Бир берене менен күнөлүү деп тапканбыз, калганы далилдеген жок деп актаганбыз да. Коллегия ошондой жыйынтыкка келгенбиз. Тергөөчүлөр, прокуратура далилдей албай коюшту го".
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
"Санпа шейиттери" коомунун төрагасы Сырдаш Мамарасулов июнь коогасында бир тууган инисин жоготкон. Ал күнөөлүүлөр жазаланбай жатканына кейиди.
"Соттор бири-биринин көзүн чукубайт экен да. Биз канча жолу арыздансак да каралбай жатпайбы. Мыйзам иштесе камалмак да. 11 жылдан бери ушул маселе менен күрөшүп келе жатабыз. Тажап бүттүк. Жаңы бийликтен үмүтүбүз зор. Эми тергөө кайра жүрө баштаптыр. Ошонун жыйынтыгын күтө туралы".
"Шамдын" дареги дагы эле белгисиз
Орусиянын жарандыгын алган, Сузак районунун тургуну, кримчөйрөдө “Шам” деген каймана ат менен таанымал Шамсидин Ниязалиев 2010-жылы июнь окуясына чейин уюшкан кылмыш тобунун анабашы катары милициянын көзөмөлүндө болгон. Кылмыш дүйнөсүнүн тили менен айтканда Сузак боюнча “положенец” деген наам алып жүргөнү айтылган.
Ниязалиевге 2010-жылы июнь коогасынан кийин эле издөө жарыяланган. Алгач 2011-жылы Орусияда камакка алынган, бирок тез эле бошоп кеткен. Андан кийин 2012-жылдын башында Казакстанда кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Санпа окуясын иликтеген тергөө тобунун өкүлүнүн ырасташынча, Ниязалиевге “мыкаачылык менен адам өлтүрүү, калайман башаламандык уюштуруу” өңдүү 16 эпизод боюнча айып тагылган.
2010-жылдын 12-13-июнь күндөрү Жалал-Абаддын Сузак районунда "Санпа" пахта заводунун жанында миңдей адам Ош-Бишкек кан жолун тосуп, буктурма уюштуруп, андан өткөндөргө кол салган. Ал окуяда он адам өлтүрүлүп, экөө дайынсыз жоголгон.
Санпа окуясы боюнча 19 адам кесилген. Алардын бирөө жашы 65тен ашканына байланыштуу 25 жылга, калгандарынын баары өмүр бою эркинен ажыратылган. 2012-жылы камалгандардын бирөө түрмөдө муунуп өлгөн.
Былтыр ноябрь айында президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчылыгына Санпа окуяларына байланыштуу сын-доомат айтылган Жаныбек Бекназаровдун дайындалышын "Азаттык" биринчи жазып чыккан. «Санпа шейиттери» коому анын бул кызматтан алынышын талап кылып бийликке кайрылган.
Жаныбек Бекназаров 2010-жылы Жалал-Абаддын Сузак райондук сотунун төрагасы болуп турганда Санпа окуясы үчүн шектүү катары кармалган адамды үй камагына чыгарган жана жабырлануучулардын арызынан улам кызматынан алынган. Бекназаров президенттик аппараттагы жаңы жумушунан "Азаттыктын" макаласынан кийин алынган.