БШК: Жергиликтүү шайлоодогу айрым добуштар жокко чыгарылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жергиликтүү шайлоодо имараттан тыш берилген жүздөгөн добуштар жокко чыгарылды. Бул тууралуу 15-апрелде “Азаттык” радиосуна Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Бирок, анын айтымында, мындай чечим шайлоонун жалпы жыйынтыгына таасир этпейт:

“Жалпы республика боюнча 15 участокто 461 добуш жокко чыгарылды. 15 участоктун алтоо Бишкекте. Шайлоонун жалпы жыйынтыгына бул таасир эте албайт”.

БШКнын маалыматына караганда, 10-14-апрелде шайлоочулардан, саясий партиялардан жана “Жалпы иш”, “Клооп медиа” уюмдарынан Бишкек боюнча 54 арыз-даттануу түшкөн. Алардын негизинде №№ 1023, 1028, 1029, 1036, 1309, 1311, 1312 шайлоо бекеттериндеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды.

Азыр Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы жогорудагы эки уюмдан жана «Айкөл Кыргызстан», «Реформа», «Ыйман Нуру», «Социал-демократтар», «Патриот» саясий партияларынан келип түшкөн 21 даттанууну териштирип жатат.

11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланды. 28 шаарда шайлоого 59 партия катышты. Бишкекте 45 мандатка 25 партия ат салышып, алардын алтоо жети пайыздык чектен өтө алды. (RK)

Дагы караңыз

Зомбулукка каршы чыккандар ИИМдин алдынан сүрүлдүЖыл башынан бери Кыргызстандын экономикасы 9,4% начарладыАйзаданын өлүмү: Активисттер ИИМдин алдына чогулуштуДепутат Бекешев: Баланы зордуктаган кишини химиялык бычуу жөнүндө мыйзам кабыл алуу керек