Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:52

Жыл башынан бери Кыргызстандын экономикасы 9,4% начарлады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ички дүң өнүм (ИДӨ) быйылкы жылдын январь-март айларында, баштапкы эсептөө боюнча, 118 миллиард сомдон ашык сумманы түзүп, былтыркы жылдын январь-мартына салыштырганда 9,4 пайыз төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

«Кумтөр» кени боюнча ишканаларды эске албаганда быйылкы жылдын алгачкы үч айында ИДӨнүн көлөмү болжол менен 106 миллиард сомду түзүп, 4,5 пайыз төмөндөдү.

ИДӨ - өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү. Ал экономиканын эң негизги көрсөткүчү катары каралат.

2019-жылы Кыргызстандын ИДӨсү Улуттук статистика комитетинин такталган эсебинде 618 млрд сомдон ашкан. Көрсөткүч 2017-жылы 530 млрд сомдон, 2018-жылы 569 млрд сомдон жогору болгону такталган. (ErN)

XS
SM
MD
LG