Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) жана «Альфа» атайын кызматынын иликтөөсүнүн натыйжасында Чүй облусунан курал-жарак жана ок-дары сакталган кампа табылды. Анда Калашников автоматынын 2 магазини, 5.45 үлгүсүндөгү 59 даана ок-дарылар жана РПГ-26 «Аглень» гранатомету болгон.
УКМКнын басма сөз кызматы бул курал-жарак өлкөдөгү күч бөлүмдөрүнүн бирине таандык болушу мүмкүн экенин, аны тоноочулукка тиешеси бар кылмышкерлер алышы ыктымалдыгын кабарлады.
Учурда УКМК куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого тиешеси бар адамдарды аныктоого аракет кылып жатат. Бул курал-жарак 2010-жылдагы апрель жана 2019-жылдагы Кой-Таш окуялары учурунда жоголгон курал-жарактарды издөө иштеринин алкагында табылган.
2010-жылкы апрель окуясында, июнь коогалаңында жалпы күч түзүмдөрүнө таандык курал-жарактар жоголгон.
Июнь коогалаңында 1190 курал-жарак жоголгон. Анын ичинен жарымынан азыраагы - 557 ок атуучу курал кайтарылган. 663 курал-жарак ушул күнгө чейин изделип жатканы кабарланган.
Июнь окуясындагы башаламандык учурунда ИИМге, УКМКга, Мамлекеттик чек ара кызматына, Башкы штабга таандык курал-жарактар жоголгон. (ZKo)
Дагы караңыз
COVID-19: Кыргызстан "AstraZeneca" вакцинасын алат Өкмөт: Кыргызстанда коронавирус боюнча абал оңой эмесАйзаданы өлтүргөн адамга карата мурда токмоктоо боюнча иш козголгону белгилүү болдуОрусия-Түркия: аба каттамдары токтодуАйзаданы өлтүргөн Замирбек Теңизбаев 2019-жылы башка эки кызга кордук көргөзгөнМаянасы чеке жылытпаган маданият адамдарыРахмон дыйкандарды орозо тутпай турууга чакырды Блинкен Ооганстандагы аскерлерин сентябрга карата чыгарарын жарыяладыТашиевди сындаган серепчи чыккынчылыкка айыпталды