Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылынын жайлоосунан жаңы союлган аюунун терисин баштыкка салып келе жаткан адам кармалды.
Жалал-Абад облустук Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин маалыматына ылайык, тергөөнү облустук милиция жүргүзүп жатат.
Өткөн жылдын сентябрь айында Талас облусунун Бакай-Ата районунда аюу менен мамалак аткан браконьер кармалган.
Кыргызстанда аюуну атууга уруксат жок. Мыйзамсыз аңчылык кылгандарга 1 миллион сом айыппул салынат. (TB)
Дагы караңыз
COVID-19: Төрт бейтап каза болду, вирус 227 кишиден табылдыБайден Бруклин-Сентер аймагынын тургундарын тынчтыкка чакырдыНаманганда дайынсыз жоголгон кыздын сөөгү каналдан табылдыКазакстанда абакта жаткан активист Абишев ачкачылык жарыялады Кытай вакциналарынын таасири төмөн болуп жатканын моюнга алдыЖалал-Абадда төрөлгөн үч эмге батир берилет