Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы төрт киши каза болду.
Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб билдиргендей, алардын үчөө Бишкекте, бирөө Чүй облусундагы ооруканада жаткан.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 1532ге жетти.
13-апрелге карата республика боюнча вирус дагы 227 кишиден табылып, сентябрдан берки эң көп көрсөткүч болду.
Алардын эң көбү Бишкек шаарында (141), андан кийин Чүй облусунда (64), Ысык-Көл облусунда (9), Ош шаарында (6), Ош облусунда (2), Баткенде (2), Талас, Нарын, Жалал-Абад облустарында бирден учур катталды.
Пандемияда илдетти жугузуп алгандар 90 599, айыккандар 86 152 кишини түздү. Бир күн аралыгында 124 бейтап айыкты. (NT)