Башка жергиликтүү кеңештердеги шайлоолор сыяктуу эле Ош шаардык кеңешин тандоо да бир катар нааразылыктар менен коштолду. Добуш сатып алуу, бюллетендерди ашыкча берүү жана башка фактылар тууралуу арыз-даттануу орун алды.
Добуш берүү соңуна чыккандан кийин шайлоого барган тогуз партиянын алтоо анын жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялашты.
Аламан шайлоонун жыйынтыгы
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтындагы 12-апрелге караган түнкү саат 01:00дөгү маалыматына ылайык, Ош шаарындагы шайлоочулардын 48% ашыгы добуш берүүгө катышты. Тагыраагы 151 960 шайлоочудан 72 841 киши келди.
Бул баштапкы маалыматтар автоматтык эсептөөчү урналар менен кол эсеп толук аяктагандан кийин дагы өзгөрмөкчү.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Алдын ала маалыматка ылайык, "Ата-Журт Кыргызстан" 48,8%, "Улуттар Биримдиги" 18,0%, "Ыйман Нуру" 8,1%, "Ынтымак" 7.5% добуш алды. Мыйзамга ылайык, бул партиялар босого чектен өттү жана мандаттар ушулардын арасында бөлүштүрүлөт.
Бирок жеңишке жеткен "Улуттар Биримдиги" партиясы жана 7% босого чекке жетпей калган "Республика", "Бүтүн Кыргызстан", "Ишеним", "Улуу Журт" жана "Бир Бол" партиялары добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып чыкты.
Мындай чечимин аталган партиялардын өкүлдөрү 11-апрель кечинде биргелешкен билдирүүсүндө жарыялап, биринчи орунду алган партияны айыпташты.
Дагы караңыз Шайлоо: Ошто атаандаштык курчуду"Улуттар Биримдиги" партиясынын талапкери Абдижапар Аккулов "Азаттыкка" комментарий берип жатып, добуш берүү болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуу менен коштолгонун айтты: "Бул шайлоо эң ыплас болду. Өткөнкү парламенттик шайлоодо "Биримдик" партиясы менен "Мекеним Кыргызстан" партиясы жасаган ишин азыркы "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы эки эселеп жасады. Административдик ресурстарды толук пайдалануу менен, эбегейсиз чоң акчаны сарптоо менен ушуга алып келди. "Улуттар Биримдиги" азыркы добуштарыбыз менен 10 мандатка чейин ала алабыз, бирок маселе анда эмес. Маселе ушул акыйкатсыз, ыплас шайлоонун жыйынтыгында. Биз анын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып ушул жерге чогулуп олтурабыз".
"Улуттар биримдигинин" лидери Мелис Мырзакматов Ош шаардык кеңешине шайлоо мыйзам бузуу менен коштолгонун билдирип, президент Садыр Жапаровго кайрылган. Ал бул шайлоону "бандиттик" деп баалаган.
Жаңы билдирүүдө "Республика" партиясынан Разак Мусаев, "Ишеним" партиясынан Абдувазар Канов, "Улуу журт" партиясынын өкүлү Мирлан Орозбаев, "Бир бол" партиясынан Кушбак Сайиев жана "Бүтүн Кыргызстан партиясынын" өкүлү Сейитбек Довлотов ушул жүйөлөрдү келтиришип, шайлоо тилкелеринде тургундарды мажбурлап добуш бердиртүү жана жашоочуларга акча таратуу аракети болгондугун кошумчалашты.
Сейитбек Довлотов бул талаптар аткарылбаса нааразылык акциялар башталарын эскертти:
"Бардык жерде административдик ресурс колдонулду, добуш сатып алуу катуу жүрдү. Шайлоо арам өттү. Биз шайлоо таза өтөт деп үмүттөндүк эле, бирок мурдагы эле жаңылыктыктар, мурдагы эле одоно мыйзам бузуулар катталды. Мурдагы "Ата-Журт Кыргызстан", "Ынтымак" партиялары акча таратуу менен, жергиликтүү бийликти колдонуу менен шайлоону өткөрүштү. Биз мындай шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз жана анын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылабыз. Кайрадан жаңы шайлоону дайындоону талап кылабыз. Мындай жыйынтыктардын артында жергиликтүү бийликтин жетекчилери, ошонун ичинде шаардын мэри турат. Анткени бардык жерде кварталдык комитеттин жетекчилер, үй комитет башчылары, дегеле шаардагы муниципалдык мекемелердин жетекчилери бүт саналуу партияга чуркап жүрүштү",-деди ал.
Дагы караңыз Шайлоо: Ошто партиялар президентке кайрылыштыАлты партиянын өкүлдөрү ушундай эле билдирүүлөрү менен жергиликтүү телеканаларда бир-эки сааттык билдирүү-маек курушту. Бул күнү жеңүүчү "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын жана кийинки орундарды алган "Ыйман Нуру" жана "Ынтымак" партияларынын штабдары дароо билдирүү жасашкан жок. Өздөрүнө карата айыптоолорго да жооп кылышпады.
"Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын тизмесинде 1-орунда турган Сонунбек Жунусбаев алгач алардын штабы комментарий бере турганын маалымдаган. Бирок "Азаттыктын" кабарчысы добуш берүү аяктагандан кийин алардын штабынын алдында эки саат күтүп, бирок суроолорго жооп ала алган эмес.
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов болсо шайлоо учурунда добуш берип жатып, административдик ресурс жөнүндө дооматтарды төгүндөгөн эле:
«Мен шаар башчысы катары мэриядагы кызматкерлердин бир да админресурс колдонбоого, шайлоочуларга тоскоолдук жаратпоого чакырып, эки жолу штабдын жыйынын өткөрдүк. Координациялык кеңешмеде чечим кабыл алып, укук коргоо органдарына тапшырмалар берилген. Эгерде кимдир бирөөгө тоскоолдук жаратып, административдик ресурсту колдонуу жөнүндө арыз-даттануулар түшсө сөзсүз чара көрүлөт. Мурункудай пачкелеп бюллетень салуу же карусель кылуу аракеттери жок. Ош шаарында, Кыргызстанда таза шайлоо өтөт», - деди Сарыбашов.
Деген менен административдик ресурс колдонулуп жатканы жөнүндө кептер шайлоо өнөктүгү башталган учурда эле чыккан. Анын ичинде төрт-беш партиянын өкүлдөрү жана ошол эле Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов бул тууралуу ар кайсы платформаларда маселе көтөрүшкөн.
Мыйзам бузуу фактылары
11-апрелде Ош шаардык кеңешин шайлоо жана Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алууга байланыштуу референдумдун өтүшү учурунда аймактык шайлоо комиссияларына канча арыз келип түшкөнү азырынча так маалымдала элек.
Шаардык милиция аларга кеминде 24 факты жөнүндө даттануу келип түшкөнүн маалымдады. Мунун 16сы добуш сатып алууга байланыштуу болсо, калгандары бейбаштык жана шайлоо процессине тоскоолдук жаратуу жөнүндө болгон. Милиция бул фактылардын бардыгын териштирип жатканын кабарлоодо.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков бул жагдайлар партиялардын бирин-бири айыптоосунан улам келип чыкканын айтууда:
"Баса белгилеп кетчү нерсе, бул шайлоо процессинде эки партия бири-бирин каралоо иретинде, бири-биринин репутациясын түшүрүү иретинде белгилүү жана белгисиз фейктерди пайдаланышып, ушундай аракеттерди жасап жатышты. Текшерүү учурунда алар тараптан берилген маалыматтар, анын ичинде интернет жана айрым басылмаларга чыгып жаткан фактылар тастыкталбай калып жатты".
Арийне, шайлоонун жүрүшүндө бир катар партиялардын өкүлдөрү экинчи партия тарапкерлерине акча таратып жатканын айыптаган билдирүүлөрдү таратып жатышты. Мында бир добуш үчүн 1000 сомдон акча берилип жатканы айтылды.
Ошол эле убакта атайын белгиси бар беткаптар менен кирген шайлоочулардын тобу жана добушканалардын алдында келген-кеткендерди тизмектеп турган кишилер жөнүндө да маалымат чыгып жатты. Бирок алар социалдык түйүндөрдө жана массалык маалымат каражаттарынын баракчалардын эле калып калгансыды.
Дагы караңыз Венеция комиссиясы: Бийлик бир адамдын колуна топтолотКыргызстанда, анын ичинде Ош шаарында миңдеген байкоочуларды жалдап иштеткен "Клооп" маалымат агенттигинин Оштогу филиалынын жетекчиси Эльвира Султанмурат кызы аларга түшкөн даттануулардын мазмунуна мындайча токтолду:
"11-апрель кечки саат 19:00гө карата биздин байкоочулар жалпы 733 акт түздү. Мунун көпчүлүгү автоматтык эсептөөчү урналардын иштебей калганына жана добуш берүүнүн купуялуулугу бузулганына байланыштуу болгон. Мындан сырткары шайлоо тилкелеринин жанында үгүт иштерин жүргүзгөндөр, кайсы бир партиянын өкүлдөрү добуш сатып алууга аракет кылганы жөнүндө да фактылар бар".
Экинчи борбор калаада шайлоонун өзүнүн уюштурулушуна байланыштуу да маселелер чыкты. Сөз жок, көпчүлүк добушканаларда кезек узарган жок, бирок айрым тилкелерде ондогон, жүздөгөн адамдар узак туруп калган учурлар катталды.
Шаардагы №5901 шайлоо тилкесинде добуш бергендердин бири Мисират Жусуева "Азаттыкка" буларды даттанды:
"Биз шайлоо учаскасына келген учурда элүүдөй адам кезекте туруптур. Аны да аял-эркек кылып бөлүп алышыптыр, же алар тизилип турушпайт. Ызы-чуу болуп жатып араң кирип жатышты. Мен кеминде бир сааттай күтүп турууга аргасыз болдум".
Дагы караңыз IRI: Соңку окуялар саясатчылардын салмагын өзгөрттү2020-жылкы парламенттик шайлоодо добуш берүүчүлөр Ош шаарында 181 миң 300 болчу. Башкача айтканда анда азыркыдан 30 миңге көп эле. Бул жагдай кезинде №2 форма менен экинчи борбор калаага каттоодо тургандардын көптүгү менен түшүндүрүлгөн.
Бул жолу калаада жарышка түшкөн тогуз партияда 702 талапкер болгон. Алардын 446сы эркек, 236сы аял болчу. Шаардык кеңеште 45 орун бар экенин эске алганда, бир мандатты 15 киши талашты десек болот.